Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ: “АЗЫРКЫ БИЙЛИК АНДАГЫ УБАДАЛАРЫН АТКАРУУНУН ҮСТҮНДӨ ИШТЕП ЖАТКАНЫН КӨРҮП ЖАТАБЫЗ”
2020-жылдын 5-6-октябрындагы саясий процесстер тарыхта кандай ат менен калат аны мезгил өзү тастыктайт. Бирок, кандай гана болбосун, бийлик алмашуу менен бирге Конституциянын өзгөрүшү өз жемишин кыска аралыкта бере албайт. Коомчулуктун адаптациясы, мыйзамдардын Баш мыйзамга шайкеш келиши, башкаруу структурабыздын өзгөрүшү чоң убакытты талап кылат. Бир жыл ичинде кандай гана бийлик болбосун бардыгына жетишип, чукул реформалардын жыйынтыгын чыгара албашы түшүнүктүү. Бул татаал процесс. Азыркы бийлик андагы убадаларын аткаруунун үстүндө иштеп жатканын көрүп жатабыз, бирок, кадр тандоодо калпыстыктар жок эмес. Ар кандай ката кетирүүлөр, жаза басуулар, жаңылыштыктар болуп жатканын жашыра албайм. Ошентсе да биз пандемиядан кийинки экономикалык оор шартты эске алганда, бийлик бир жыл ичинде эл алдындагы, эл аралык милдеттемелерин аткаруунун үстүндө жакшы эле аракет кылды.
Дүйнөлүк каатчылыктын алкагында биздин өлкө чабал экономикасы менен кыйынчылыкка туш келсе да элдин биримдиги, аракети менен абалдан чыгуунун аракетин жасап жатат. Эл аралык коомчулук кол сунганын токтоткон жок. Быйылкы шайлоолор таза өтүп, жаңы мамлекеттик башкаруу формабыз калыптанып ишке кирсе, бийлик вертикалы туура сакталса, балким өнүгүү алыс эместир.