Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жаңы курамынын биринчи жыйыны болду. Жыйынды комиссиянын жаш курагы боюнча эң улуу мүчөсү Бөдөш Мамырова ачты.
Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, БШКнын курамы 8 мүчөдөн турат. Мыйзамга ылайык, биринчи жыйында комиссиянын төрагасы жана анын орун басарлары шайлоо жолу менен аныкталат.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында Тынчтык Шайназаров БШКнын төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин комиссиянын бардык 8 мүчөсү колдоду.
Мындан тышкары, Русланбек Жакышов жана Лейла Лурова бир добуштан БШК төрагасынын орун басарлары болуп шайланышты.
Ошентип, БШКнын жаңы курамы өз ишин расмий түрдө баштап, комиссиянын жетекчилиги толук курамы аныкталды.