"Эркин-Тоо"

У.Ормонов: Санариптик өнүктүрүү министрлиги кайда кетти?

Санариптик өнүктүрүү министрлиги кайда кошулду,  тагдыры кандай болот? Бул суроо менен  Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов Министрлер Кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровго кайрылды.

«Мени бир суроо кызыктырат. Санариптик өнүктүрүү министрлиги кайда кетти? Эмне үчүн Министрлер Кабинетинин жаңы түзүмүндө аталган министрлик жок?», — деди депутат Улукбек Ормонов.

«Тилекке каршы, аталган министрлик приоритеттүү болгонуна карабастан, 3 жыл аралыгында коюлган максаттарына жеткен жок. Өлкөдө бир дагы Дата Борбор негизделген эмес. Андыктан мен аталган министрликти жоюп, анын функцияларын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине өткөрүп берүүнү сунуштадым. Бул боюнча бир жуманын аралыгында сиздерге отчет даярдап беребиз», — деп жооп берди Акылбек Жапаров.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!