Үч компанияга айып пул салынып, Балыкчыдагы сапатсыз жолдор кайра жасалууда
Балыкчы шаарындагы унаа жолдорун жана тротуарларды реконструкциялоо иштеринде техникалык талаптар жана долбоордук чечимдер сакталбаганы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Текшерүүдө асфальт-бетон жабуусунун жука жана сапатсыз төшөлгөнү, тротуарлар, суу өткөрүүчү курулмалар, коргоочу жана таяныч элементтерди орнотууда кемчиликтер бар экени белгиленген. Айрым тилкелерде негизди даярдоо жана битум эмульсиясы менен иштетүү талаптары сакталбай, асфальт төшөлгөн.
Ошондой эле инженердик кудуктардын белгилери жолдун деңгээлине туура келбегени жана суу агызуучу лотоктордун айрым бөлүктөрү сапатсыз туташтырылганы аныкталган.
Жыйынтыгында «Чу Прокси», «4 Энерджи» жана «Капитал Консалт» ЖЧКларына жалпы 105 миң сом айып пул салынды. Подряддык уюмдарга кемчиликтерди өз каражаттарынын эсебинен белгиленген мөөнөттө жоюу талап кылынды.
Министрликтин маалыматына караганда, учурда аныкталган кемчиликтер боюнча демонтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат.