Жалал-Абад облусундагы Үч-Коргон ГЭСин жаңылоо иштери уланууда. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, станцияны модернизациялоо 2026-жылдын аягына чейин аяктайт.
Учурда №2 гидроагрегатты алмаштыруу толук бүткөрүлүп, №1 гидроагрегатты жана өндүрүштүк инфраструктураны жаңылоо иштери жүрүп жатат.
Долбоор аяктагандан кийин ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 198 МВттан 216 МВтка чейин көбөйүп, 18 МВт кошумча кубаттуулук пайда болот.
Реконструкция 2024-жылы башталган. Анын алкагында №4, №3 жана №2 гидроагрегаттар жаңыланып, алардын жалпы кубаттуулугу 27 МВтка көбөйгөн.
Нарын дарыясында жайгашкан Үч-Коргон ГЭСи 1961–1962-жылдары ишке берилген. 60 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан станциядагы азыркы модернизация негизги жабдууларды жаңылоого багытталган.