Үч-Коргон ГЭСи жаңыланууда. 2026-жылы кубаттуулугу 216 МВтка жетет

12-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80

Үч-Коргон ГЭСинде станциянын негизги жабдууларын жаңыртуу жана белгиленген кубаттуулугун жогорулатууга багытталган масштабдуу модернизациялоо иштери уланууда. Учурда №1 жана №2 гидроагрегаттарды жаңыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Аларды модернизациялоону 2026-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда.

Бардык иштер бүткөндөн кийин Үч-Коргон ГЭСинин белгиленген кубаттуулугу азыркы 198 МВттан 216 МВтка чейин, башкача айтканда, 18 МВтка жогорулайт. Станцияны реконструкциялоо иштери 2024-жылы башталган. Долбоордун алкагында №4 гидроагрегат толугу менен жаңыртылып, анын кубаттуулугу 9 МВтка көбөйтүлдү.

Ошондой эле №3 гидроагрегатты модернизациялоо иштери аяктап, анын кубаттуулугу дагы 9 МВтка жогорулатылды. Ошентип, №1 жана №2 гидроагрегаттардагы иштер аяктагандан кийин Үч-Коргон ГЭСинин бардык төрт гидроагрегаты толугу менен жаңыртылат. Модернизациялоо станциянын ишинин ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга, эскирген жабдууларды жаңылоого жана алардын эксплуатациялык мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берет.

 

12-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X