Үч-Коргондун көйгөйлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарына айтылды

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 59

Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Болотбек Борбиев, Гүлшаркан Култаева жана Райимберди Дүйшенбиев Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту.

Жолугушууда айылдагы билим берүү, саламаттык сактоо, ичүүчү суу жана инфраструктура боюнча көйгөйлөр талкууланды. Жергиликтүү депутаттар аймактагы социалдык объектилердин абалы жана курулуш иштерине байланыштуу муктаждыктарды айтып, көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты.

Эл өкүлдөрү көтөрүлгөн маселелердин көбү аларга маалым экенин белгилеп, айрым көйгөйлөр боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдиришти. Ошондой эле чечилиши зарыл болгон маселелерди мамлекеттик органдар менен кайра карап чыгууга даяр экенин айтышты.

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 59
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X