Уфада КМШ өлкөлөрүнүн салык кызматтары кардарга багытталган кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүүнү талкуулашты
Россия Федерациясынын Уфа шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин салык кызматтарынын ишмердүүлүгүнө кардарга багытталган принциптерди киргизүү боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү.
Жыйынга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын салык органдарынын, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар салык органдарынын ишине кардарга багытталган ыкмаларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашып, стратегиялык документтерди ишке ашыруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, санариптик сервистерди өнүктүрүү, жасалма интеллект технологияларын колдонуу, салык төлөөчүлөр менен кайтарым байланыш механизмдерин өркүндөтүү жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда КМШга мүчө мамлекеттердин салык органдарынын кызматкерлери үчүн кардарга багытталган маданиятты калыптандырууга багытталган биргелешкен окутуу программасын иштеп чыгуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргызстандын өкүлдөрү салык төлөөчүлөр менен кайтарым байланышты уюштуруунун учурдагы системасы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана ачыктыгын жогорулатуу үчүн «Бирдиктүү терезе» тейлөө борборлорунда видеобайкоо системасын колдонуу тажрыйбасы, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын кардарга багытталган ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык документтеринин негизги багыттары тууралуу маалымат беришти.
Белгиленгендей, аталган жумушчу топ 2022-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин алкагында түзүлгөн. Анын ишмердүүлүгү салыктык башкаруу жаатындагы мыкты тажрыйбаларды жайылтууга, кардарга багытталган мамилени өнүктүрүүгө жана салык органдары менен салык төлөөчүлөрдүн өз ара кызматташуусун өркүндөтүүгө багытталган.