Үй-бүлө — мамлекеттин кичинекей модели

11-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 152

Кыргыз эли кылымдар бою “Үй-бүлө бекем болсо – мамлекет бекем болот” деген нарктуу түшүнүктү жашоо философиясы катары тутунуп келген. Бул жөн гана накыл кеп эмес, мамлекеттүүлүктүн түпкү мыйзам ченемин чагылдырган турмуш чындыгы. Анткени, мамлекеттин күчү мыйзамдардын так аткарылышында же экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшүндө гана эмес, эң оболу аны түзгөн адамдардын аң-сезиминде, адеп-ахлагында, таалим-тарбиясында жана да ошол элдин жоопкерчилигинде жатат. Ар бир үй-бүлө – мамлекеттин кичинекей, бирок эң маанилүү бөлүгү. Эл арасындагы ынтымак да, мыйзамдуулук да, эмгекчилдик да, билимге умтулуу да, мекенге болгон сүйүү да эң алгач ар бир үй-бүлөнүн тарбиясынан башталат. Бүгүнкү күндө “Үй-бүлө” жөнүндө, анын коомдогу ролун кеңири жайылтуу багытында КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги көп иштерди жасап жатат.

Адамзат турмушунда мамлекеттүүлүк түптөлгөндөн бери элдин мамлекетке койгон талабы күчтүү. Эл бийликтен эң биринчи жумуш орундарын, жогорку айлык эмгек акыны, сапаттуу билим берүүнү, жеткиликтүү медицинаны, коопсуздук менен социалдык кепилдиктерди талап кылат. Бул, албетте, ар бир жарандын мыйзам ченемдүү укугу. Бирок, ошол эле учурда өзүбүздүн жарандык жана ата-энелик жоопкерчилигибизге, үй-бүлөдөгү адеп-ахлакка, таалим-тарбияга, руханий баалуулуктарга, улуттук каада-салтыбызга жетиштүү көңүл буруп жатабызбы деген суроо жоопсуз калып баратат. Анткени, мамлекет коомдон өзүнчө бөлүнүп жашап жаткан түзүлүш эмес. Мамлекет – ошол адамдардан, үй-бүлөлөрдөн, жарандардан турган бир бүтүн организм. Эгер ар бир үй-бүлө өз баласын билимдүү, эмгекчил, мыйзамды урматтаган, мекенин сүйгөн инсан кылып тарбияласа, анда күчтүү мамлекетти куруу албетте жеңил болот. Ошондуктан өлкөнүн келечегин бийликтин же мамлекеттин гана милдети катары кароо туура эмес. Кыргызстандын тагдыры үчүн ар бир үй-бүлө өз жоопкерчилигин сезип, коомдун бекем пайдубалын түзүүгө өз салымын кошууга милдеттүү экенин сезиши кажет.

Бүгүн Кыргызстан жаңы өнүгүү этабына кадам таштап, ири жолдор, көп кабаттуу үйлөр курулуп, энергетикалык долбоорлор ишке ашырылып, оор жана жеңил өнөр жай тармагына инвестициялар тартылып, мамлекеттик башкаруу санариптештирилип, экономиканы сазга батырган коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп жатат. Бирок өлкөнүн келечегин аныктай турган эң негизги маселе мамлекет тарабынан курулуп жаткан жолдордун же имараттардын сапаты менен гана өлчөнбөйт. Элдин ынтымагы, каада-салты, үй-бүлөнүн бекемдиги жана коомдун руханий саламаттыгы, адеп-ахлагы, нарк-насили менен өнүгүү жолуна багыт алат. Экономикалык реформалардын ийгилиги да акырында барып ошол үй-бүлөнүн абалына байланышат. Эгер коомдун моралдык негизин түзгөн –

үй-бүлөнүн өзөгү бошосо, анда мамлекеттеги эң күчтүү экономикалык көрсөткүчтөр да туруктуу өнүгүүнү камсыздай албайт. Бүгүнкү Кыргызстанда мыкты жетишкендиктер байкалганы менен коомдун ички моралдык, руханий өзөгүн түзгөн үй-бүлө институту бир катар олуттуу сыноолорго туш болуп турат.

Учурда өлкөдөгү өзгөчө көңүл буруучу маселелердин бири – эмгек миграциясы. Эл аралык жана мамлекеттик маалымат каражаттарынын расмий билдирүүлөрүнө ылайык миңдеген кыргызстандыктар дагы деле чет мамлекеттерде эмгектенүүдө, ал эми өлкө ичиндеги ички миграция да күч бойдон калууда. Бул көрүнүш көптөгөн үй-бүлөлөрдү бөлүп, ата-эне менен баланын ортосундагы тарбиялык байланышты алсыратууда. Миграциянын мамлекеттин экономикасына киреше алып келери талашсыз. Учурда чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мекендештерибизден келген акча каражаттары миңдеген үй-бүлөнүн тиричилигин камсыздап жатат. Бирок ошол эле учурда “социалдык жетимчилик” деп аталган көрүнүш күчөп, балдардын тарбиясы чоң ата-чоң эненин же башка туугандардын мойнуна жүктөлүүдө. Акыркы жылдары мугалимдер менен психологдор бир көрүнүшкө өзгөчө көңүл буруп келет. Миграцияда жүргөн эне-аталар баланын материалдык муктаждыгын толук камсыздаганы менен балдардын эмоционалдык жалгыздыгы ата-энесиз күчөп жатат. “Социалдык жетимчилик” деген түшүнүк коом үчүн эң кооптуу көрүнүштөрдүн бири болуп калды. Балдарды четте туруп материалдык жактан жетиштүү камсыздоо эч качан ата-эненин мээримин толук алмаштыра албайт.

Дагы бир орчундуу маселе – үй-бүлөлүк баалуулуктардын өзгөрүшү. Санарип доору адамдарды маалымат алышууда жакындатканы менен руханий жактан бири-биринен алыстатып жатат. Бир дасторкондо отурган адамдар бири-бири менен эмес, уюлдук телефон менен көбүрөөк “баарлашып” калды. Балдардын интернетке болгон көз карандылыгы, социалдык тармактардагы жасалма жашоо образы, зордук-зомбулукту же жеңил ийгиликтерди даңазалаган контенттер жаштардын аң-сезимине, таалим-тарбиясына түздөн-түз таасир берүүдө. Жаштардын никеге, үй-бүлө курууга болгон мамилеси, жоопкерчилиги өзгөрдү. Соңку жылдары эл арасында никеге кеч туруунун көбөйүшү, майда себептер менен ажырашуулардын өсүшү, жоопкерчиликтен качуу көрүнүштөрү коомдук талкуунун негизги темаларына айланды. Улуттук статистика нике жана ажырашуу боюнча көрсөткүчтөрдү үзгүлтүксүз жарыялап келет. Албетте, ар бир ажырашуунун өзүнүн жеке тарыхы бар. Бирок бул көрүнүш массалык мүнөзгө айланса, ал сөзсүз коомдук көйгөйгө айланат. Үй-бүлөнүн бузулушу биринчи кезекте балдардын психикасына сокку урат. Балдардын психологиялык абалы, кийин өз үй-бүлөсүн куруудагы түшүнүгү дал ушул кырдаалдан таасир алат. Үй-бүлөнү сактоо – сүйүү же материалдык кызыкчылык менен гана эмес, жубайлардын өз ара урмат-сыйына, балдардын таалим-тарбиясына, жаркын келечегине болгон жоопкерчилик менен сакталары көңүл сыртында калып барат.

Мурда балдардын дүйнөсүн ата-эне, чоң ата, чоң эне, тай ата, тай эне, бала бакча, мектеп жана балдар адабияты, китеп окуу менен калыптандырчу. Азыр ошол орунду телефон, интернет айдыңындагы түрдүү социалдык тармак ээлеп калды. Бүгүнкү балдар өз өмүрүн, алтындай балалыгын күнүнө бир нече саат экран алдында, ар кандай контенттерди көрүү менен өткөрүп жатат. Интернет пайдалуу маалыматтын булагы болгону менен анын ичинде зордук-зомбулукту, жеңил байлыкты, адепсиз жүрүм-турумду жайылткан контенттер да жогорку орунда турары маалым. Эң кооптуусу – баланын дүйнө таанымы акырындап ата-эненин тарбиясынан эмес, белгисиз блогерлердин жарыялаган ар кандай постторунан  калыптанып жатканында. Бул маселени мамлекеттик органдар тарабынан мыйзам менен чечүү мүмкүн эмес. Бул жерде ата-эненин жоопкерчилиги, мектеп менен ата-эненин биргеликте жүргүзгөн тарбиялык ролу жана коомдун маалыматтык маданияты биринчи орунда турат.

Акыркы жылдары эл арасында “бардык көйгөйдүн себеби экономикалык абалга барып такалат” деген түшүнүк үстөмдүк кылып келет. Ооба, бул пикирдин да жарым-жартылай чындыгы бар. Албетте, айлык акы, турак жай, жумуш маселеси маанилүү. Бирок дүйнөнүн эң бай мамлекеттеринин жарандарында да депрессия, ажырашуулар, жалгыздык, моралдык дегредация күчөп жатканын көрүп жатабыз. Демек, материалдык жетишкендик моралдык бакыттын бекемделишине кепилдик бере албайт. Кыргыз коомчулугу ушул жагынан өзүнүн салттуу артыкчылыгын жоготпошу керек. Улууну урматтоо, ата-эненин тарбиясына баш ийүү, туугандык байланыш, кошуналык мамиле, конок тосуу маданияты, уят-сыйыт түшүнүгү мунун баары жөн гана каада-салт эмес, Кыргыз коомчулугун кылымдар бою сактап келаткан социалдык институттар. Акыркы жылдары мугалимдер көтөрүп келаткан акыйкат бир маселе бар. “Ата-энелер тарбиянын көбүн мектепке өткөрүп беришти”. Чынында мектеп билим берүүгө милдеттүү. Ал эми  баланын мүнөзүн үй-бүлөдө ата-эне тарбиялайт. Эгер бала ата-энесинин китеп окуганын, адеп-ахлагын, таалим-тарбиясын көрбөсө, үйдө бири-бирин урматтоо жок болсо, мектеп баланы тарбиялай албайт. Тарбия үч таянычка сүйөнгөндө күчтүү болот: үй-бүлө, мектеп, коом. Ушул үчөө бир багытта иш алып барганда гана мамлекет күчтүү муунду тарбиялай алат.

Көпчүлүк мамлекеттер бүгүн куралдуу күчтөр менен эмес, идеология аркылуу атаандашууда. Маалыматтык согуш күчөдү. Жаштардын аң-сезими үчүн күрөш жүрүп жатат. Ушундай шартта улуттук тилди, адабиятты, тарыхты, маданиятты анан да үй-бүлөлүк баалуулуктарды, улуттук каада-салтты сактоо жөн гана маданий саясат эмес. Бул мамлекеттин улуттук коопсуздугунун бир бөлүгү. Эгер коом өзүнүн тарыхый эс тутумун жоготсо, анда анын келечегин башкалар аныктап калат. Коом эч качан өкмөттөн же мамлекеттен башталбайт. Чындыгында коом күзгүдөгү өзүбүздөн башталат. Балдарына убакыт бөлгөн ата-энеден. Үй-бүлөсүнө жоопкерчилик алган жубайлардан. Адилет иштеген, таалим-тарбия берген мугалимден. Ак эмгеги менен “адал нан” тапкан мамлекеттик кызматкерден. Мыйзамды сыйлаган жарандан. Ар бир үй-бүлө мамлекеттин кичинекей модели болуп саналат. Үйдө тартип болсо – көчөдө тартип болот. Көчөдө тартип болсо – мамлекетте мыйзам үстөмдүк кылат. Мыйзам үстөмдүк кылган өлкөдө экономикалык өсүш болот.

Кыргызстан бүгүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн босогосунда турат. Экономикалык өсүш, жаңы өндүрүштөр, инфраструктуралык долбоорлор, инвестициялар жана санариптик өнүгүү өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү факторлор экени талашсыз. Бирок XXI кылымдын эң баалуу капиталы – адам капиталы. Ал эми адам капиталынын пайдубалы үй-бүлөдө түптөлөт. Ошондуктан мамлекет экономиканы өнүктүрүү менен бирге үй-бүлө институтун чыңдоону, жаштардын адеп-ахлактык тарбиясын, билим берүүнүн сапатын жогорулатууну жана улуттук баалуулуктарды сактоону мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары кароого тийиш. Бирок бул милдет жеке мамлекетке гана жүктөлбөшү керек. Коомдун ар бир мүчөсү, ар бир ата-эне, ар бир үй-бүлө өлкөнүн келечеги үчүн өз жоопкерчилигин чын дилден сезиши зарыл.

Улуу ойчул Жусуп Баласагын элдин биримдиги менен ынтымагы мамлекеттин эң башкы тиреги экенин өз доорунда эле даңазалап өткөн. Чынында ошол ынтымак эң оболу ар бир үйдүн босогосунан башталат. Үй-бүлөдө сүйүү, урмат-сый, жоопкерчилик, адеп-ахлак өкүм сүрсө, андай үйдөн коомго пайдалуу жарандар тарбияланып чыгат. Андай жарандардан күчтүү коом, күчтүү мамлекет калыптанат. Бүгүн ар бир жаран мамлекеттен талап кылуу менен бирге, өзүбүздөн да талап кылууну үйрөнө турган мезгил келди. Балдарыбызга жакшы тарбия берүү, улууну урматтоо, мыйзамды так аткаруу, эмгекти баалоо, улуттук нарк-насилди сактоо, мекенчилдик сезимди күчөтүү ар бир жарандын өз ыйманынын алдындагы ыйык парзы. Анткени, мамлекет бир гана бийликтен турбайт. Мамлекет – ар бир үй-бүлөнүн, ар бир ата-эненин, ар бир жарандын күнүмдүк аракетинин жыйынтыгы. Ар бирибиз мекенибизди сүйүп, элибиздин тагдырына кайдыгер карабай, өз үй-бүлөбүздөн баштап жоопкерчиликти күчөтө алсак, келечеги кең, ынтымактуу, адилеттүү жана кубаттуу Кыргызстанды куруу максат эмес, ишке аша турган чындыкка айланат.  Анткени күчтүү мамлекет – күчтүү үй-бүлөлөрдүн, мекенчил жарандардын жана бийик руханий баалуулуктарды туу туткан коомдун ак эмгеги менен гана түптөлөт.

Бахпурбек Аленов

 

P/S.  Бул макалалар Кыргыз Республикасынын Маданият , маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин “Социалдык заказ” долбоорунун алкагында “Үй-бүлө институту” темасы боюнча “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезити тарабынан даярдалды.   

11-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 152
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X