Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аракеттенүү боюнча тренинг өттү
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) колдоосу менен Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын прокуратура, ички иштер жана пробация органдарынын кызматкерлери үчүн үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аракеттенүү боюнча тренинг өткөрдү.
Иш-чарада мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү, жабырлануучуларды коргоо чаралары жана аларга жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.
Тренинг укук коргоо органдарынын кызматташтыгын чыңдоого жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталды.