Үй ээлери Ош көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштарды өздөрү бузуп жатышат

23-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 130

Ош шаарында Ош көчөсүн реконструкциялоо иштеринин алкагында жолдун боюна тоскоолдук жараткан мыйзамсыз курулуштарды жана жеңил конструкциядагы объектилерди алуу иштери уланууда.

Маалыматка ылайык, ишкерлер жана жеке менчик ээлери шаарды көрктөндүрүү эрежелерин сактоо максатында айрым курулуштарын өз ыктыяры менен бузуп жатышат.

Шаар бийлигинин билдирүүсүндө, реконструкциянын негизги максаты жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, унаа тыгындарын азайтуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү экени белгиленди.

Нет описания фото.

Ош шаарынын мэриясы түшүнүү менен мамиле кылып, иштерге колдоо көрсөткөн жарандарга ыраазычылык билдирип, реконструкциялык иштер толук көзөмөл алдында улантылып жатканын маалымдады.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X