Үйлөнүү оңойлоду. Никеге арызды телефондон эле тапшырса болот

3-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 125

Кыргызстанда никени каттоого арыз берүү процесси санариптештирилип, кызмат «Түндүк» мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болду. Эми жубайлар арызды берүү үчүн алгачкы этапта Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) бөлүмүнө барбай эле, бардык аракеттерди смартфон аркылуу аткара алышат.

Кызмат төмөнкү тартипте иштейт:

  • Демилгечи «Никени каттоо» кызматын тандап, болочок жубайынын жеке идентификациялык номерин (ИЖН) киргизет жана Face ID аркылуу өздүгүн ырастайт;
  • Экинчи тарапка билдирүү келип, ал маалыматтарды текшерип, макулдугун берип, Face ID аркылуу идентификациядан өтөт;
  • Андан соң эки тарап тең арызга электрондук колтамга менен кол коюшат;
  • Документ автоматтык түрдө Жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасына (АИС ЖААК) кароого жөнөтүлөт;
  • Арыз каралгандан кийин жыйынтыгы тууралуу билдирүү колдонуучуларга жөнөтүлөт.

Мындай жаңычылдык нике каттоо кызматын кыйла ыңгайлуу жана ылдам кылып, документтерди даярдоонун баштапкы баскычын толугу менен онлайн форматка өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

3-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 125
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X