Уйкусуздук жүрөк оорусуна алып келет

Америкалык кардиология колледжи (American College of Cardiology – ACC) жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, уйкусуздуктан жабыркаган адамдарда жүрөк оорусуна кабылуу коркунучу 69% жогору экендиги аныкталган. Айрыкча күнүнө 5 сааттан аз уктаган адамдарда инфаркт болуу коркунучу 1,56 эсе көбөйөрү белгиленген.

Изилдөөдө 1 миллиондон ашуун адамдын маалыматтары анализденген. Жыйынтыгы Journal of the American College of Cardiology журналына жарыяланган. Адистер уйку жетишсиздиги кандын басымын көтөрүп, стрессти күчөтөрүн жана жүрөк-кан тамыр системасына терс таасирин тийгизерин белгилешет. Мындай шарттар инфаркт, инсульт жана жүрөк жетишсиздиги сыяктуу оорулардын пайда болушуна алып келет.

Жүрөк ооруларынын алдын алуу үчүн адистер күнүнө 7–8 саат уктоону сунушташат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X