УКМК: Корея киберкоопсуздук боюнча долбоорду каржылай турган болду

13-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 33

КР Улуттук коопсуздук кызматы Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA) менен «Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү» гранттык долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуулоо протоколуна кол койду.

Кол коюу аземине КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ жана KOICA өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы директору Ли Жонгсу катышты.

«Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү» долбоору, өлкөдөгү киберкоопсуздуктун абалын бекемдөөгө багытталат.

KOICA долбоорунун алкагында, SOC борборунун өзүн түзүү, жабдуулар жана программалар менен камсыздоо, мамлекеттик органдардын киберкоопсуздугун коргоо жана адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча чечимдерди жайылтуу пландаштырылууда.

Долбоор 5 жылдык (2021-2025-жж.) мөөнөткө созулуп, аны ишке ашырууга 5 миллион доллар сарпталат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X