"Эркин-Тоо"

УКМК: Лицензия чырына байланыштуу Дүйшөнбек Зилалиев кармалды

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси З.Д.Т. (Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович) кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Белгилей кетсек, Дүйшөнбек Зилалиев 2016-2017-жылдары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеген, ал эми 2017-жылдынавгуст айынан ноябрь айына чейин Кыргызстандын вице-премьер-министри кызматын ээлеген.

УКМКдан белгилешкендей, З.Д.Т.га карата кылмыш иши козголуп, иштин алкагында ал 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алганы аныкталды. Бирок, З.Д.Т. айтылган убадаларын аткарбай, ошондой эле алган акчасын кайтарып берген эмес.

Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 15-мартында З.Д.Т. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!