УКМК: Мамлекетке чыккынчылык кылуу беренеси менен кармалгандардын бири М.Казакпаев
Мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары кармалган эки адамдын биринин аты-жөнү Марат Казакпаев экенин 14-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети расмий билдирди. Кармалган экинчи адамдын аты-жөнү ачыкталган жок.
Шектүүлөр ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында табылган далилдердин негизинде 13-апрелде кармалышкан. Сотко чейинки териштирүүнүн материалдары улуттук коопсуздукка тиешеси бар болгондуктан, иш купуялык негизде каралат. Эгер шектүүлөрдүн күнөөсү далилденсе алар 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Териштирүү Жазык кодексинин 307-беренесинин (“Мамлекетке чыккынчылык кылуу”) биринчи бөлүгүнүн негизинде жүрүп жатат.
Кыргызстанда буга чейин «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси менен кармалып, соттолгондор болгон. Алардын бири — өкмөттүк аппаратта иштеген Алтынбек Муралиев 2014-жылы кармалып, 22 жылга соттолгон жана 2019-жылы жатак абакка чыгарылган.