УКМК мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгаруу иштерин баштады
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ысык-Көл облусунда жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн 36 чет өлкөлүк жаран аныкталып, кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2–3-июнь күндөрү өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын алкагында чет өлкөлүк жумушчулар эмгектенген 32 объект текшерүүгө алынып, 5 мамлекеттен келген 768 жарандын документтери көзөмөлдөн өткөрүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында миграциялык мыйзамдарды бузган 36 чет өлкөлүк жаран аныкталган. Ошондой эле мыйзам бузуулар боюнча жалпы 64 административдик протокол түзүлүп, тиешелүү айып пулдар салынган.
Учурда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандан депортациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
УКМК мындай рейддер улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу максатында өткөрүлүп жатканын белгиледи.
Атайын кызмат өлкөгө кирүү, каттоодон өтүү жана жүрүү эрежелерин бузган, ошондой эле тиешелүү уруксат документтери жок иштеген чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертти. Мындай мыйзам бузуулар депортацияга жана өлкөгө кайра кирүүгө тыюу салууга чейин алып келиши мүмкүн.
Ошондой эле чет өлкөлүк жарандар, жумуш берүүчүлөр жана кабыл алуучу тараптар миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого милдеттүү экени белгиленди.
Белгилей кетсек, 2026-жылы Кыргызстанга сырттан келип иштей турган эмгек мигранттары үчүн квота 52 миңден 100 миңге чейин көбөйтүлгөн. Ал эми 2025-жылы чет өлкөлүк жумушчулар үчүн алгач 25 миң орун каралып, кийинчерээк 42 миңге чейин кеңейтилген. Кыргызстанда эмгек квотасына эң көп суроо-талап жараткан өлкөлөрдүн катарында Кытай, Индия, Түркия жана Пакистан бар.