УКМК: Пара алууга шектелген тергөөчү кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Чүй облусу боюнча башкармалыгы, ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте 3-апрелде укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.
Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жаранга карата сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын банк картасына которуу учурунда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын лейтенанты Ж.А.Т. кармалды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.