УКМК төрагасы генералдар менен жолугуп, акчалай сыйлыктарды тапшырды

16-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын штаб-квартирасында күч түзүмдөрүнүн генералдары менен жолугушуу өткөрдү.

Маалыматка ылайык, жолугушуу эркин форматта өтүп, ага жалпы 60 генерал катышты. Алгач чакырылган коноктор үчүн УКМКнын штаб-квартирасында экскурсия уюштурулуп, жаңы имаратта кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттар тааныштырылды.

Андан соң Камчыбек Ташиев генералдарга кайрылып, алардын ар биринин эмгеги, басып өткөн кызматы жана ишмердиги мамлекет үчүн маанилүү экенин белгиледи.

«Бүгүн өлкө башчыбыз Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен сиздерге сый-урмат көрсөтүүнү туура көрдүк. Бул жолугушуунун эч кандай саясий же башка максаты жок. Өлкө тарыхында мындай форматтагы жолугушуу биринчи жолу өтүп жатат. Бул жерде отурган ар бир генерал ар кайсы мезгилде жетекчилик кызматтарды аркалап, мамлекет үчүн кызмат кылган. Сиздердин эмгегиңиздер эч качан унутта калбайт», — деди УКМК төрагасы.

Белгиленгендей, жолугушуунун жүрүшүндө күч түзүмдөрүнүн генералдарына Президенттин атынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

16-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X