УКМК жасалма документ колдонгон чет элдик жаранды кармады

17-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 12

УКМК жасалма документтерди колдонгон чет элдик жаранды кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран Кыргыз Республикасынын жасалма паспорту менен айдоочулук күбөлүгүн пайдаланган.

Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгү («Билип туруп жасалма расмий документти пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүнүн башка мүмкүн болгон мыйзам бузуу фактыларын аныктоо максатында тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

17-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 12
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X