УКМКга караштуу «Маалыматтык коопсуздук борбору» ачылды

23-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29

Бүгүн, 23-мартта, Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу «Маалыматтык коопсуздук борбору» мамлекеттик мекемесинин жаңы имараты ачылды.

Иш-чарага катышкан УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбековдун айтымында, долбоор өлкөнүн санариптик эгемендүүлүгүн коргоого жана санариптик экономиканын туруктуу өнүгүшүнө негиз болот.

Маалыматка ылайык, борбор мамлекеттик сектор үчүн өзүнүн программалык жана техникалык чечимдерин иштеп чыгып, аларды сертификациялоо, киберкокустуктарга ыкчам жооп кайтаруу жана маалыматтарды коргоо боюнча иш алып барат. Ошондой эле коопсуздук тармагында IT-адистерди даярдоо, экспертиза жүргүзүү жана мекемелердин ишин координациялоо негизги багыттардын бири болуп саналат.

Белгиленгендей, жаңы имарат заманбап сервердик жана аналитикалык жабдуулар менен камсыздалып, киберчабуулдарга каршы натыйжалуу иштөөгө жана өлкөдөгү маанилүү санариптик кызматтардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга шарт түзөт.

23-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X