Украиндер орустарга каршы аң казды

6-май, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 20

Украина Россия менен чек арада танкаларга каршы 400 чакырымга жакын аң казды деп билдирди Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Сергей Дейнеко. Бул 2014-жылдан бери өз ара мамилеси сууган эки славян өлкөлөрүнүн ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1974,04 чакырымды түзөт.

Аңдарды казуу “Дубал” долбоорунун алкагында 2014-жылы башталган. С. Дейнеконун айтымында, азыр “Дубал” долбоору жок. Бирок, чек араны чыңдоо максатын көздөгөн бул долбоорду ишке ашырууга 143 миллион доллардан ашык каражат каралган болчу.

6-май, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X