“Укук кербени” Сүлүктү шаарында, Чаткал жана Манас райондорунда уланат

8-октябрь, 2021-ж. / Редакция / Коом 24

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту тарабынан демилгеленген “Укук кербени” долбоору ишке ашып жатканына бешинчи күн болду. Бүгүн 8-октябрда Акыйкатчынын өкүлдөрү алыскы аймактарды кыдырышарын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунан “Эркин-Тоо kg” сайтына билдиришти.

Акыйкатчынын орун басары Г. Жамгырчиеванын жетекчилигиндеги топ Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жергиликтүү эл менен жолугушат.

Ал эми Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси А. Азарбеков жетектеген топ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун жергиликтүү калкы менен жолугушат. Ошондой эле Акыйкатчынын үчүнчү тобу Талас облусунда иш-сапары менен жүрүшөт. Бул топтун бүгүнкү программасында жабык мекемелерди кыдыруу  каралган. Алар Манас районундагы психо- неврологиялык мекеменин ишине жана Бакай-Атадагы жабык мекемелерге мониторинг жүргүзүшмөкчү.

Эске салсак, “Укук кербени” долбоорун ишке ашыруу Европа Биримдигинин “ Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү  2-фаза” программасынын колдоосунда жүрүп жатат.

8-октябрь, 2021-ж. / Редакция / Коом 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X