Укук коргоо кызматкери 16 жаштагы кызга ок атты — ВИДЕО 21-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 12 АКШнын Огайо штатынын Колумбус шаарынын полиция кызматкери 16-жаштагы кызга ок атты. Ок тийген Макия Брайант үйүндө болуп жаткан конфликттен улам, укук коргоо кызматкерлерин чакырган. Келген полиция кызматкерлеринин бири, кайсыл бир учурда кыз бычак менен башка адамга кол салуу аракетин байкап калган. Ошол учурда полиция ок чыгарган.Кыздын таежесинин айтымында, кыз эч кимге кол салган эмес. Бирок, полиция кызматкеринин төшүндөгү камерасына, кыз чындыгында колуна бычак кармап, полициянын “бычакты таштап, жерге жат” деген буйругуна баш ийбей, экинчи адамга кол салуу аракетин көргөнү, андан соң полиция ок атканы тартылып калган. 21-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 12 Бөлүшүү: Шилтемени көчүрүү