Улан Маматканов: Маалыматтык коопсуздук биргелешкен аракетти талап кылат

Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин медиафорумун Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов ачты.

Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн Улан Маматканов бүгүнкү күндө дүйнөлүк медиа мейкиндиги санариптештирүүнүн, маалыматтык технологиялардын жана жасалма интеллекттин ыкчам өнүгүшүнүн таасири астында олуттуу өзгөрүүлөрдү баштан кечирип жатканын белгиледи. Анын айтымында, маалыматтын тез тарашы коомдук пикирди калыптандыруу менен катар эл аралык процесстерге да түздөн-түз таасир этүүдө.

Ошондой эле ал заманбап маалыматтык чөйрө жаңы мүмкүнчүлүктөр менен бирге олуттуу чакырыктарды да жаратып жатканын айтты.

«Улуттук кызыкчылыктарды коргоо, такталбаган маалыматтардын жайылышына бөгөт коюу жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери бизден жоопкерчиликтүү мамилени, тыгыз кызматташууну жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууну талап кылат», – деди Маматканов.

Анын белгилешинче, форум ШКУга мүчө мамлекеттердин маалыматтык коркунучтарга, фейк маалыматтардын жайылышына жана санариптик доордун башка чакырыктарына каршы күрөшүүдөгү аракеттерин бириктирүүгө өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, профилдик түзүмдөрдүн, эксперттик коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өз ара кызматташуусу өлкөлөр ортосундагы ишенимди бекемдөөгө көмөк көрсөтөрү айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан ШКУ алкагында медиа тармагындагы конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүүнү, журналисттик коомчулуктардын байланышын кеңейтүүнү жана заманбап санариптик чечимдерди жайылтууну колдой турганы белгиленди.

Учурда форумдун алкагында инновациялык технологияларды колдонуу, санариптик платформалардын ролу жана өзгөрүп жаткан маалыматтык мейкиндиктеги кесиптик жоопкерчилик маселелери боюнча талкуулар уланууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X