Улан Ниязбеков эл аралык мелдештин коопсуздугу боюнча даярдыкты текшерди
Ысык-Көлдө өтө турган UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын Кыргызстандын Гран-приси – «Ысык-Көл-2026» эл аралык суу-мотор кайык жарышынын алдында ички иштер органдары күчөтүлгөн даярдыкка өттү.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган күчтөрдүн жана техникалардын даярдыгын жеринен текшерди.
Текшерүүгө ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов, ошондой эле ИИМдин борбордук аппаратынын жана аймактык ички иштер органдарынын жетекчилери катышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө коомдук тартипти сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, кызмат өтөөгө тартылган бөлүктөрдүн даярдыгы жана бардык күч түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсү бааланды.
Улан Ниязбеков жооптуу жетекчилердин маалыматтарын угуп, өздүк курамдын жайгашуусу менен таанышып, мелдеш учурунда кызматты жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Министрдин айтымында, ички иштер органдарынын негизги милдети – мелдештин катышуучуларынын, расмий делегациялардын, чет элдик коноктордун жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздап, эл аралык спорттук иш-чаранын үзгүлтүксүз жана коопсуз өтүшүнө бардык шарттарды түзүү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ички иштер органдарынын күчтөрү UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын Кыргызстандын Гран-приси учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга толук даяр экени белгиленди.