Улан Ниязбеков Грузиядагы «112» борборунун иши менен таанышты
Кыргызстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков Грузияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Ички иштер министрлигинин алдындагы «112» Коомдук коопсуздукту башкаруу борборуна барды.
Министр борбордун ишин уюштуруу, жарандардын шашылыш билдирүүлөрүн кабыл алуу жана аларга ыкчам чара көрүүдө колдонулган заманбап технологиялар менен таанышты. Өзгөчө көңүл укук коргоо органдарынын ишин санариптештирүүгө, кайрылууларды автоматташтырып иштетүүгө жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга бурулду.
Улан Ниязбеков Грузиянын тажрыйбасын үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосунда тажрыйба алмашууну жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушууда тараптар санариптик чечимдерди колдонуу жана укук коргоо органдарынын өз ара тажрыйба алмашуусун кеңейтүү боюнча кызматташтыктын келечегин талкуулашты.