Улан Ниязбеков I даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды
Президент Садыр Жапаров ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековду I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады.
Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы кол койду.
Улан Ниязбеков бул сыйлыкка Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери үчүн татыды.
Мындан тышкары, I даражадагы «Манас» ордени Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге да ыйгарылды.