"Эркин-Тоо"

Улан Ниязбеков Сауд Аравия Королдугунун Элчиси менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүп, өзгөчө көңүл бурат.

Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков менен Сауд Аравия Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради Аль Радининин жолугушуусу болуп өттү.Укук коргоо органынын жетекчиси келген конокторго кайрылып: “Сиздерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кабыл алганыма кубанычтамын жана бүгүнкү иш сапарыңызды жогору баалайм. Биз Сауд Аравия Королдугу менен болгон мамилени жогору баалайбыз жана мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга болгон даярдыгыбызды билдиребиз.Ички иштер министрлиги кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, анын ичинде киберкылмыштуулук, баңги заттар жана трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында натыйжалуу эл аралык өнөктөштүктү курууга өзгөчө көңүл бурат.

Сауд Аравия Королдугунун полициясы бай тажрыйбага жана укук коргоо иштеринде колдонулган эң мыкты инновациялык технологияларга ээ экенин эске алып, биз сиздердин мыкты тажрыйбаңызды үйрөнүүгө болгон кызыгуубузду билдиребиз. Ошондой эле биз Сауд Аравия Королдугунун бирдиктүү ыкчам коопсуздук борборунун (911) иш тажрыйбасын үйрөнүүгө дилгирбиз».Тараптар Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ички ишетр министрликтеринин ортосундагы өз ара кызматташуу боюнча олуттуу маселлерди талкууга алышты.Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки мамлекеттин өкүлдөрү коопсуздукту бекемдөө жана кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүү максатында туруктуу мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!