Улан Сариев, Жогорку Кеңештин депутаты: Шайлоочуларым менен жылдын 4 мезгили бою иштешем…

Коомчулуктун калың катмарына анчейин белгисиз болгону менен бу жигиттин саясатка ашкере ынтызарлыгы аны кезегинде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына, бүгүн Жогорку Кеңешке чейин келишине жол ачкан. Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра-кайра талапкерлигин коюп отуруп, акыры максатына жеткен табиятынан күрөшчүл жигитти кепке тарттык. Олуттуу темалардын “көркүн чыгара” албаса дагы азын-оолак соболдорубузга алынын жетишинче жооп узатты.

– Улан мырза, жайкы эс алууда шайлоочуларыңыз менен жолугушууларды ойдогудай өткөрүп жатасызбы? Эл өкүлү болгон соң округдагы шайлоочуларыңыз сизге дембе-дем кайрылса керек. Алардын суранычтары менен мүдөө-талаптарын канчалык деңгээлде аркалап жатам деп ойлойсуз?

– Ооба, шайлоочуларым менен жолугушууну мен эс алуу мезгилинде гана эмес, жылдын 4 мезгили болсо, ошол аралыкта ыңгайы келе калган жерден жолугуп, алардын суранычы менен талаптарын аткарууну айныгыс милдетим катары өзүмө эреже катары кабылдап алгам. Эл мүдөөсүн аркалоо үчүн парламентке барган соң башкаларга мактангандай болбоюн, 24 саат бою шайлоочуларымдын дембе-дем телефон чалууларына жооп берип, колуман келишинче, мүмкүнчүлүгүмдүн жетишинче алардын “жеңилин жерден, оорун колдон алганга” бар аракетимди кылып келем. Муну менен алардын бардык суроо-талаптарын чечип салам дегенден алысмын. Болгону алар менен айрым маселелерди чогуу талкуулап, көйгөйдү чечүү үчүн тиешелүү тараптар менен биргеликте иш алып барууга туура келет. Сөздүн кыскасы, мен үчүн шайлоочулар менен иштешүү атайын каралган эс алуу убактысында гана эмес, жылдын 4 мезгили бою тынымсыз болуп турат деп ишенимдүү айта алам.

– Аныңыз го жакшы экен. ИДПнын көлөмү, мамлекеттик казынанын кириш-чыгышы, улуттук коопсуздук, административдик аймактык маселелер сыяктуу олуттуу темаларга эл өкүлү катары парламент трибунасынан “тиш салганга” жарап калдыңызбы? Же азырынча бул темалар сизге “жат” болуп жатабы?..

– Башта айттым го, мен артымда турган элим менен ар убак чогуу болуп, биргеликте иштешип тураарымды… Шайлоочуларымды кыдырганда көбүн эсе жергиликтүү элдин көйгөйлөрү көтөрүлүп турат. Анан калса мен парламентке келгениме 3 айдын жүзү болду. Мамлекеттик казынанын долбоорун кабыл алууга катыша элекмин. Сиз атаган ИДП, улуттук коопсуздук, административдик аймактык көйгөйлөр сыяктуу темаларга олуттуу деле киришип, бул маселелер менен алпуруша элекмин. Алпурушуш үчүн тиешелүү адистер, билимдүү инсандар менен кеңешип, маселени ийне-жибине чейин талдап, тактаган соң бул темаларга сиз айткандай “тиш сала” баштайм деп ойлойм.

– Бул маселелер боюнча парламенттен талкуу болуп же добуш берүү болуп калса, сиздин үйрөнүшүңүз кеч болуп калбас бекен…

– Эми тап-такыр эле бул темалардан артта калган жерибиз жок. Андай маселелер жаралса албетте, оюбуз, сөзүбүз бар. Мен өзү тынбай өзүмдү-өзүм өстүрүүнүн үстүндөмүн…

– Кезегинде кыргыз парламенти айтылуу Ишенбай Кадырбеков, Кубатбек Байболов, Муратбек Мукашев, Өмүрбек Текебаев сыяктуу күчтүү мыйзамчы, “стахановчу” депутаттардан курала турган. Соңку кездери парламент барган сайын майдаланууда. Биздин шайлоочулар жогорудагы мен атаган “оор калибрдеги” легендарлуу инсандарды, билимдүү, күчтүү мыйзамчыларды тандап алышты качан үйрөнөт деп ойлойсуз?

– Учурда парламенттин депутаттары ар бир округдан шайланып келишкен соң ар бири кааласа, каалабаса дагы жергиликтүү маселелерди көтөргөнгө милдеттүү болуп калышты. Мындай шартта кыргыз парламентинде жергиликтүү маселелер гана көтөрүлүп, ошол себептен “майдаланып кетишти” деген сындарга тушугушу мүмкүн. А бирок, ар бир депутат шайлоочуларынын көйгөйлөрүн көтөргөнгө милдеттүү деп ойлойм. Сырттан караганда өлкө үчүн орчундуу маселелерге эмес, жергиликтүү көйгөйлөргө тушуккан парламентке бүгүн сындар көп айтылып жатабы деп ойлойм. Мындай көрүнүштүн деле орчундуу себептери бар. Анын баарын азырынча бул жерден майдалап айтууну туура көрбөй турам.

– Дегеле депутаттык ишмердүүлүгүңүздө алдыда кайсы багыттар боюнча мыйзам жазуу планыңызда бар?

– Учурда биз демилгелеген мыйзам эмес, токтом иретинде кабыл алуу үчүн жаш өспүрүмдөр арасында баңги затын жою максатындагы аракетибизди коомдук талкууга чыгардык. Мындан тышкары спорт чөйрөсүндөгү айрым мыйзамдарды сунуштадым. Азыр бул мыйзамдар коомдук талкууга чыгуу алдында турат. Дегеле алдыдагы депутаттык ишмердүүлүгүмдө өрт коопсуздугу менен курулуш иштеринин нормалары боюнча мыйзам долбоорлорунун демилгечиси болуу максатым бар. Учурда бул максаттарым иштелип атат. Мен кезегинде Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгом. Ошондуктанбы, шаардагы, дегеле өлкө аймагындагы курулуш иштерине байланышкан мыйзамдарды күчтөп, курулуш нормаларын камтыган мыйзам долбоорлоруна айрым алымча-кошумчаларды киргизип, аны иш жүзүнө ашыруу депутат катары менин айныгыс асыл максатым болмокчу.

Калыгул Бейшекеев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X