Уланбек Аджикулов жаңы кызматка дайындалды

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102

Уланбек Аджикулов Панфилов райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка министр Нурдан Орунтаев кол койгон.

Жаңы жетекчини башкармалыктын эмгек жамаатына Шаар куруу жана архитектура департаментинин директорунун орун басары Аман Тургуналиев тааныштырды.

Белгилей кетсек, Уланбек Аджикулов буга чейин Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында шаар куруу документтерине корутунду берүү бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеп келген.

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X