Улуттук банк мыйзам бузгандарга чара көрдү. Төрт акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду

3-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 141

Улуттук банк мыйзам талаптарын бузган жарандарга жана акча алмаштыруучу жайларга карата кезектеги көзөмөл чараларын көрдү.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун төрт жана Жалал-Абад облусунун эки тургунуна Кыргызстандын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузганы үчүн ар бирине 17,5 миң сомдон айып пул салынды. Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунда лицензиясыз чет өлкө валютасын накталай алмаштыруу менен алектенген дагы бир жаран да 17,5 миң сом айыпка жыгылды.

Ошондой эле көзөмөлдүн жыйынтыгында Бишкек шаарындагы «Арча Моней», «Аника», «Гранд Кэш» жана «Престиж Мани А» акча алмаштыруучу бюролорунун лицензияларынын аракети 30-июлдан 13-августка чейин убактылуу токтотулду.

Улуттук банк валюта рыногунда мыйзамдардын так сакталышын камсыздоо боюнча көзөмөл иш-чаралары мындан ары да улантыларын белгиледи.

3-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 141
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X