Улуттук банк жарандарды финансылык алдамчылыктан сак болууга чакырат
«Балээни кайдан деп болобу» дегендей банк ишмердигинде санариптештирүү өнүгө баштагандан тартып, ортодо компьютердик алдамчы-шылуундардын күнү тууп, алар ар кандай айла-амалдарды колдонуу менен ишенчээк жарандардын эсептеринен сары майдай сактаган көптөгөн акча суммаларын уурдап алганга үлгүрүшүп, коомчулукта зор тынчсызданууну, кооптонууну жаратышкан. Албетте, КРнын Улуттук банкы биринчи кезекте мындай жаман көрүнүштөн жарандарыбызды сактоо үчүн буга каршы иш-чараларды жүргүзө баштаган. Улуттук банк жарандардын алдамчылардан сак болуусу үчүн кандай иш-аракеттерди жүргүзүп келгендиги тууралуу Улуттук банктын тийиштүү адистерине бир нече суроолор менен кайрылганыбызда төмөндөгүдөй жоопторду алдык.
— Жыл башынан бери Улуттук банктын дарегине канча алдамчылык боюнча кайрылуу келип түштү?
— Жыл башынан бери жарандардан 771 кайрылуу болду, алардын ичинен алдамчылык боюнча 88.
— Алдамчылыктын алдын алуу боюнча Улуттук банк тарабынан кандай иш-аракеттер көрүлүүдө?
— 2025-жылдын 28-апрелинде №84 «Банк кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары – Мыйзам) кабыл алынган. Ага ылайык, алдамчылыкка каршы аракеттенүү системаларынын (мындан ары – антифрод-системалар) болушун жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу бөлүгүндө «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген.
Банктык операциялардын коопсуздугун чыңдоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле банктардын жана микрофинансылык уюмдардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан төмөнкүдөй токтомдор кабыл алынган:
Улуттук банктын Башкармалыгынын 2025-жылдын 26-сентябрындагы №2025-П-12/49-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому. Аталган токтом менен Улуттук банктын Башкармалыгынын 2005-жылдын 15-декабрындагы №37/5 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдикти башкаруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» жана 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилген;
2025-жылдын 15-сентябрындагы №2025-П-12/52-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому;
2025-жылдын 31-октябрындагы №2025-П-14/59-1-(ПС) «Кыргыз Республикасынын төлөм уюмдарында / төлөм системаларынын операторлорунда ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттенүү (антифрод) системасына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому.
Мындан сырткары, 2025-жылдын 30-жумасында «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк кошулган:
«2-1. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар акча каражаттарын жана башка мүлктү карызга берүүнү караган кредиттик же башка келишимди (мындан ары — кредиттик келишим) түзүүгө чейин төмөнкүлөргө милдеттүү:
иштеп жаткан кредиттик бюролордон кардар тарабынан анын атына кредиттик келишим түзүүгө тыюу салуу же мындай тыюуну алып салуу жөнүндө маалыматтардын бар-жогу тууралуу сурам жөнөтүүгө (эгерде тыюу салуу мындай келишимге жайылтылса). Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактарга мындай маалыматтарды берүү кредиттик бюролор тарабынан келишимдик негизде жүзөгө ашырылат. Муну менен бирге, кредиттик бюролор кредиттик келишимди түзүүгө тыюу салуунун бар/жоктугу (алып салынышы) жөнүндө маалыматтарды өз убагында бербегендиги, актуалдуу эмес же ишенимсиз маалыматтарды бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат;
кардар тарабынан коюлган, кредиттик келишим түзүүгө тыюу салуу боюнча колдонуудагы өзүнө-өзү тыюу салуусу бар болгон учурда, кредиттик келишимди түзүүдөн баш тартууга.».
2025-жылдын 1-ноябрынан тартып кредиттерди жана займдарды жол-жоболоштурууну ыктыярдуу түрдө чектөө (өзүнө-өзү тыюу салуу) мүмкүнчүлүгү күчүнө кирди. Кыргыз Республикасынын жарандары Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы («Tunduk» мобилдик тиркемеси) аркылуу аралыктан, өз алдынча жана акысыз түрдө тыюу салууну орното алышат же аны алып сала алышат.
Эгерде кредит тыюу салууну бузуу менен берилсе, мындай келишим юридикалык жактан жараксыз деп таанылат — жаран акчаны кайтарып берүүгө милдеттүү эмес, ал эми финансылык уюм толук жоопкерчиликти тартат.
Ошону менен бирге, жарандардын алдамчылык схемаларына катышуу тобокелдиктери жана мындай аракеттердин укуктук кесепеттери тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу боюнча активдүү маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул максатта түшүндүрүү материалдары, анын ичинде видеороликтер даярдалып, finsabat.kg билим берүү платформасы, социалдык тармактардагы расмий баракчалар, ЖМК аркылуу, ошондой эле өлкөнүн аймактарын камтуу менен социалдык тармактарда суроо-жооп форматындагы түз эфирлерди өткөрүү аркылуу жарыяланууда.
Укук бузуулардын алдын алууга системалуу мамилени камсыз кылуу үчүн Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине жогорку класстардын окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери арасында түшүндүрүү-профилактикалык иштерин жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө сунуштамалар жөнөтүлгөн. Муну менен бирге, түшүндүрүү-профилактикалык иштерин жүргүзүү үчүн дропперлик боюнча материалдар жана презентациялар да кошо жөнөтүлгөн.
— Бул чаралар алдамчылыктын кайсы түрүн басаңдатууга жардам берди?
— «Түндүк» тиркемеси аркылуу киргизилген кредиттерге өзүнө-өзү ыктыярдуу тыюу салуу (чектөө) механизми. Эгер жаран өзүнө тыюу салып койсо, банктар жана микрофинансылык уюмдар ага кредит бере алышпайт. Ал эми тыюу салууну бузуп насыя берген каржы уюмдары өздөрү толук жоопкерчилик тартып, ал келишим жараксыз деп таанылат (жаран ал акчаны кайтарбайт) Коммерциялык банктарда, микрофинансылык уюмдарда жана төлөм системаларынын операторлорунда милдеттүү түрдө киргизилген «антифрод-системалар» (алдамчылыкка каршы аракеттенүү тутумдары) иштейт. Бул системалар шектүү, адаттан тыш жана уруксатсыз жасалып жаткан транзакцияларды автоматтык түрдө аныктап, бөгөттөп турат.
— Финансылык алдамчылыкка каршы мамлекеттик органдар аралык кандай иштер жүрүүдө?
— Улуттук банктын базасында алдамчылыкка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары – жумушчу топ) иштеп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Жумушчу топтун алкагында борборлоштурулган антифрод платформасын түзүү концепциясын иштеп чыгуу боюнча иштер улантылууда.
Маалымат алмашуунун ыкчамдыгын жана биргелешкен аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган КР ИИМ менен өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашууга кол коюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Абдимухтар Абилов