Улуттук банктын жаңы төрагасы банктын борбордук аппаратына тааныштырылды

19-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 19

Жаңы дайындалган Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев Улуттук банктын борбордук аппаратына тааныштырылды. Аны Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тааныштырды.

Жолугушууда Касымалиев банк секторун өнүктүрүү, акча-кредит саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу негизги багыттар бойдон каларын белгилеп, жаңы төрагага жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Алмаз Бакетаев буга чейин 2021-жылдан бери Финансы министрлигин жетектеп келген.

19-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X