Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командири кармалды
2026-жылдын 20-октябрында УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүнүн биринин командири И.А.ны кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектеп кармады.
Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, командир өзүнө баш ийген келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин жеке үйүнүн курулушуна системалуу түрдө тарткан. Алардын арасында аскер бөлүгүндө суткалык кезметте турган кызматкерлер да болгону айтылат.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду.
Шектүү кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.