Улуттук илимдер академиясына 26 кызматтык унаа берилди

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук илимдер академиясына 26 бирдик атайын кызматтык автотранспорт каражатын тапшырды. Бул тууралуу МинКабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, унаалар археологиялык, геологиялык, геофизикалык жана биологиялык багыттагы талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүдө колдонулат. Ошону менен бирге жаңы техникалар илимий мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана алыскы аймактарга экспедиция уюштурууга шарт түзөт.

Аземде Эдил Байсалов мамлекет илим тармагына колдоо көрсөтүп жатканын айтып, Улуттук илимдер академиясынын имараты жаңыланып, кызматкерлердин айлыгы эки эсеге көбөйгөнүн белгиледи. Анын айтымында, жаңы унаалар жетүүгө кыйын аймактарда илимий иштерди жүргүзүүгө жардам берет.

Өз кезегинде Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов мамлекет башчылыгына ыраазычылык билдирди.

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X