Унаа каттоо, паспорт, айдоочулук күбөлүк: Ошто жаңы тейлөө комплекси ачылды

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 127

Ош шаарында жарандарга мамлекеттик кызматтарды бир жерден алууга шарт түзгөн жаңы заманбап комплекс ишке берилди.

Көкүм-Бий көчөсүндөгү комплекс эки кабаттуу А жана Б блокторунан турат. А блогунда транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Ош аймактык бөлүмү, ал эми Б блогунда «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин калкты тейлөө борбору жайгашты.

Транспорт борборунда кызматтар «бирдиктүү терезе» принциби менен көрсөтүлүп, унаа каттоо, мамлекеттик номер жана айдоочулук күбөлүк берүү, техникалык кароо жана экзамен тапшыруу үчүн шарттар түзүлгөн. Ошондой эле 8 500 чарчы метрлик заманбап автодром курулган.

Ал эми 1 500 чарчы метрлик калкты тейлөө борборунда 42 адис күнүнө 1 500гө чейин жаранды тейлей алат. Комплексте электрондук кезек, эне жана бала бөлмөсү, касса, паспорт берүү бөлүмү жана башка зарыл шарттар каралган.

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 127
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X