«Унаа» мекемесинин жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды

13-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 24

Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, “Унаа” ишканасы быйыл 21-июлда жарыялаган тендердин жыйынтыгы менен транспорт каражаттарын каттоо тууралуу күбөлүктүн бланктары дээрлик эки эсе кымбаттамак. Бланктарды ушул шартта даярдоо тууралуу 518 миллион сомдук келишим «Гознак» ишканасы менен түзүлмөк. Президенттин кийлигишүүсүнөн кийин келишимге кол коюу токтотулуп, тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Эске салсак, буга чейин Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүн даярдоо боюнча тендерге байланыштуу аталган мекеменин иши Президент Садыр Жапаров тапшырмасы менен текшериле баштаганын билдирген.

Турусбек Түмөнбаев «Унаа» ишканасына 2020-жылы 21-октябрда жетекчи болуп дайындалган.

13-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X