Унаа сатууда салык төлөбөйсүз

16-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 85

Салык кодексине жеңил унааларды сатууда убактылуу салыктык жеңилдиктерди караган  өзгөртүүлөр киргизилгенин Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Анда төмөнкү салык жеңилдиктери каралган. 1-календардык жыл ичинде экиден көп унаа сатылган учурда жеке жактар тарабынан (катталган жеке ишкерлер жана юридикалык жактардан тышкары) жеңил автомототранспорт каражаттарын сатуу системалуу негизде жүргүзүлгөн ишмердүүлүк деп эсептелбейт. 2-жеке жактар тарабынан жеңил автомототранспорт каражаттарын сатууда киреше салыгы салынбайт. 3-жеңил автомототранспорт каражаттарын сатууда түшкөн кирешелер пайда салыгынан бошотулат. 4-жеңил автомототранспорт каражаттарын жеткирүү (сатуу) кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулат, 5-жеңил автомототранспорт каражаттарын сатуудан алынуучу салыктан бошотулат. Мындан тышкары, жеке жактар (жеке ишкерлерден тышкары) 2026-жылдын 1-январына чейин унааларды сатуудан алган кирешелери боюнча салык, туум жана санкциялардан бошотулат.

16-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 85
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X