Унчукпай туруп, үйдөй иштерди бүтүргөн Самаков
Белгилүү казак аалымы Чокон Валиханов тээ 1856-жылдары “Манас” эпосун, андагы “Көкөтөйдүн ашы” эпизодун Ысык-Көл аймагындагы кыргыздардын бир манасчысынан жаздырып алганы тарыхый булактардан улам бизге белгилүү.
1964-жылы казак академиги Алкей Маргулан тарабынан орусиялык архивден табылып, илим чөйрөсүнө жарыяланган бул көөнөргүс эмгек 1977-жылы Улуу Британиялык манас таануучу, профессор Артур Томас Хатто тарабынан кыргызча текстти латын жазмасында транскрицияланып, англис тилине которулуп жарыяланган.
Мына ошол А.Т.Хаттонун эмгегиндеги “Көкөтөйдүн ашы” эпизодунун англис тилиндеги улуу эмгеги алгачкы жолу өз эне тилибизге которулуп, тиешелүү илимий түшүндүрмөлөр менен жабдылып, жарыкка чыкты. Зор көлөмдөгү мындай котормону, арылатканда илимий талдоо иштерин тарых илимдеринин доктору, белгилүү публицист Тынчтыкбек Чоротегин иш жүзүнө ашырса, жоопкерчиликтүү редакторлук милдет тарых илимдеринин доктору, айтылуу илимпоз Сулайман Кайыповдун шыбагасына туш келген.
Жалпы бир нече томдук манас таануу түрмөгүнүн алкагындагы “Манас жана Хатто” бөлүмү катары саналган бул түрмөктү уюштуруп, түзгөн, а эң башкысы “кылт эткен” чыгымдарынын баардыгына демөөрчүлүк кылган КР атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, укук илимдеринин кандидаты, белгилүү коомдук жана саясий ишмер, элибиздин эртеңи, келечек мууну үчүн улуу иштерди аркалап келген Карганбек Самаков экенин баса белгилеп айтпасак болбос.
Жалпы манас, фольклор жана кыргыз таануучу илимпоздордун, эпостун илимий жактан изилдениш тарыхына астейдил кызыккан окурмандар менен илимий чөйрөнүн кеңири чөйрөсүнө арналган мындай эмгек үчүн ат көтөргүс иш кылган Карганбек Самаковдун бул аракеттери муундан-муун алмашкан окурмандардын кеңири чөйрөсүндө тарыхый ак эмгектин символу катары кала берерин бөркүңөрдөй көрсөңөр болот. Анын кыргыз үчүн, элибиздин көөнөргүс мурастары үчүн кылган аракеттери тарых барактарында алтын тамгалар менен бажырайып жазылып калаары талашсыз чындык. Мындайда анын элге кылган аракеттеринин сапары ылайым узак-узак болсун деген изги тилекти айтууга эмнеге болбосун?!
Калыгул Бейшекеев