Уңгу жол – ата-бабанын тажрыйбасынан сабак алуу

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 140

«Уңгу жол» деген түшүнүк адатта өз тарыхына, маданий тамырына, нарк-салтына кайрылуу маанисинде колдонулат. Бирок анын так идеологиялык мазмуну – аны ким жана кандай максатта колдонуп жатканына жараша өзгөрөт. Уңгу жолго түшүү деген ата-бабаны кайталоо эмес, ата-бабанын тажрыйбасынан сабак алуу. «Уңгу – өткөндө, жол – келечекте».

Кыргызстанда мамлекеттик жана коомдук институттар үчүн жалпы баалуулук багытын түзүүгө багытталган концепция 2024-жылдын 18-декабрындагы жарлык менен кабыл алынды. Анын негизинде мамлекеттик деңгээлде жайылып жаткан «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Уңгу жол доктринасы расмий түрдө улуттук идеологиялык багыт катары сунушталып жатат. «Уңгу жол» — ата-бабанын басып өткөн жолун толугу менен көчүрүп алуу эмес. Эгер ошондой түшүнсөк, анда ата-бабадан калган жакшы мурас менен кошо алардын тарыхый каталарын да «баалуулук» катары кабыл алып калабыз.

Биздин уңгу эмнеде? Ата-бабанын жашоо формасындабы, же алардын тарыхынан алынган сабактабы? Заманбап мамлекет үчүн тарыхый сабактар маанилүү. “Уңгу жолду” өткөнгө кайтуу катары эмес, тарыхый тажрыйбадан күч жана сабак алып, келечекке карай жаңы жол куруу катары түшүнүш керек. Ошондуктан менин оюмча, бүгүнкү чыныгы «Уңгу жол» ата-бабаны кайталоо эмес – ата-бабанын тажрыйбасынан сабак алуу деген принципке негизделиши зарыл. Биз ата-бабабыздын жолун сокур түрдө кайталабашыбыз керек. Биз алардын жеңишинен күч, жеңилүүсүнөн сабак алышыбыз шарт. Ата-бабанын жолун улантуу – алардын бардык кылганын кайталоо эмес, алардын кетирген каталарын кайталабай, жаңы жана күчтүү мамлекеттик жолду куруу. Ата-бабабыздын басып өткөн жолунан, анын тарыхынан ала турган баалуулуктарды талдап, ажырата билишибиз керек. Булар – эркиндикти сүйүү, мекенди коргоо, намыс жана жоопкерчилик, тил жана маданий мурас, адилеттүүлүк, элдин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору коюу, билимге жана акылга умтулуу, биримдиктин зарылдыгын түшүнүү, башка элдер менен мамиле түзө билүү. Булар тарыхтан алчу сабак жана мурас. Тарыхый мурас – жакшы нерселердин гана жыйындысы эмес, каталардын да тарыхы. Биз кайталабай турган нерселер. Булар – уруучулукка бөлүнүү, “өз уруум – өз элим” деген тар түшүнүк, бийлик үчүн ички күрөш, кыска мөөнөттүү кызыкчылыкты мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюу, күчтүү мамлекеттик институттардын ордуна жеке адамдарга же урууларга таянуу. Кыргыз элинин тарыхындагы чоң сабактардын бири — элдин ички бөлүнүүсү, бул кыргыздын өзүн алсыратып келген. Мындай нерселердин баары салт деп корголбошу керек.
Менимче, бүгүнкү Кыргызстан үчүн «жаңы жолдун» өзөгү уруу эмес – жаран, тааныш эмес –мыйзам, жеке же топтук кызыкчылык эмес – мамлекеттик кызыкчылык, сокур салт эмес – сынчыл акыл, өткөнгө кайрылуу эмес – келечекти куруу, күчтүү адам эмес – күчтүү институт, жеке бийлик эмес – мыйзам үстөмдүгү, сынчыл акыл жана билим болушу керек.

Биримдик жок жерде күчтүү мамлекет болбойт. Кечээгиден сабак ал, бүгүн жаша, эртеңки күндөн үмүт кыл деген эрежени пайдалануу керек. Кыргыз каганаты деп аталган мамлекетибиз 840–924 -жылдары өкүм сүрүп, анан жоюлган. Андан кийин толук миң жыл бою көрүнгөнгө кор болуп жүрүп, Совет мезгилинде өзүбүздүн мамлекетибизди кура алдык. Кыргыз коомунда уруулардын ортосундагы ички атаандаштык, бийлик үчүн талаш жана өз ара кагылыштар тарыхыбызда болуп келген. Элдин өзү да муну байкап, сын көз менен баа берген. «Солто элдин тогу, Саяк элдин шогу. Сарбагыш менен Бугунун барынан жогу». Сарбагыш менен Бугунун чабышы, башка уруулар арасындагы кагылыштар, бийлик талаштары — мунун баары биздин тарыхыбыз. Бирок тарыхта болгон нерсенин баары эле бүгүнкү күнгө үлгү боло албайт.

Биздин мамлекетибизде азыркы учурда дагы элибиздин биримдигин чыңдоого иштебеген саясий жана бийлик органдары бар. Мисалы Кыргызстанда каттоодон өткөн 263 саясий партия бар. Өлкөнүн көп партиялуу системасы улуттук биримдикти чыңдабайт, чыңдоонун ордуна, улам ички бөлүнүүнү көп учурда күчөтөт. Бул партиялар белгилүү бир лидерлердин жана алардын каржылык-саясий топторунун кыска мөөнөттүү кызыкчылыктарына кызмат кылуу үчүн түзүлгөн. Партиялык системанын алсыздыгынын негизги себептери: Жалпы элдик бир дагы партия жок. Көпчүлүк уюмдар «бир кишилик» партиялар (бир лидерге багытталган). Алар келе жаткан шайлоолорго ат салышуу үчүн белгилүү бир адамдын айланасында түзүлөт, чыныгы аймактык бөлүмдөрү, туруктуу мүчөлөрү же туруктуу түзүмү жок. Ырааттуу идеологиялардын жоктугу: саясий партиялардын платформалары көбүнчө бирдей, бүдөмүк жана жалпы ураандар менен толтурулган. Жарандар баалуулуктар системасына (Оңчул, Солчул, Жашыл) негизделип тандашпайт, тескерисинче, белгилүү бир адамдарга добуш беришет. “ Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги” деген осуятын, саясий партиялар таш талканын чыгарып жатышат. Дагы бир мисал. 2021 – 2025 -жылдары парламенттик шайлоо болуп өттү. Анда 34 – 36 пайыз шайлоочулар катышышты. Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы элдин атынан сүйлөй турган укуктуу болсо, үч шайлоочунун бири эле шайлап жатса бул кандай жаңылыштык. Ошондуктан жалпы элдик шайлоо деп 70-80 пайыздан кем эмес шайлоочу катышуусун норма кылып кийирүү керек.

“Уңгу жолду” анын жарыяланган максатын, мазмунун жана аны мамлекет кандай колдонуп жатканын ар бир адам билүү зарыл. Эгер «ата-бабанын жолу» деген түшүнүк ата-бабалардын бүтүндөй жашоо тартибин идеалдаштырууга айланып кетсе, анда уруучулук, ички чабыш, бөлүнүү сыяктуу көрүнүштөр да «улуттук мурас» болуп калат. Ал эми мамлекет үчүн тарыхтын максаты — өткөндү кайталоо эмес, андан сабак алуу.

«Уңгу жол» — улуттук идеология болсо, анда анын негизги суроосу: «Биз кимбиз жана кандай коом кургубуз келет?». Биз ата-бабабыздан баш тартпайбыз. Бирок алардын бардык жолун кайталоого да милдеттүү эмеспиз. Биз алардын эрдигин жана акылмандыгын мурас кылып, жаңылыштыктарын тарыхый сабак катары кабыл алышыбыз керек. Кыргызстандын жаңы жолу өткөндүн көчүрмөсү эмес, өткөндүн тажрыйбасына таянган заманбап мамлекеттин жолу болушу керек.

Ата-бабабыздын башынан өткөн заманда элдин биримдиги начар болгондуктан, биз мамлекетибизди жоготуп, миң жыл бою мамлекетибиз жок көрүнгөн элге кор болдук. Биз ата-бабабыздын жолуна түшпөй жаңы жол тандашыбыз керекпи деген суроо узатайын окуучуга.

Саламбек Нышаналиев, саясат таануучу, экономист

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 140
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X