Унутта калган «Аркайык» кайра жаралып, дүйнөлүк коомчулукка тааныштырылды
Кыргыз элинин унутта калган байыркы музыкалык аспабы — «Аркайык» кайрадан жаралып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген конокторго тааныштырылды.
Аспаптын кайра жаралышы бир нече жылдык изилдөөлөрдүн, тарыхый табылгалардын жана чебер усталардын эмгегинин жыйынтыгы болду. Адистер анын тарыхын, түзүлүшүн жана үн өзгөчөлүгүн изилдеп, тарыхый үлгүсүн кайра калыбына келтиришкен.
«Аркайыктын» кайра жаралышына салым кошкон бир катар инсандарга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Ыраазычылык каттар тапшырылды.
Алардын арасында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Тологой айылынан «Аркайыкка» тиешелүү материалдык калдыктарды жана археологиялык издерди тапкан Солтобаев Орозбек Асекович бар. Анын табылгалары байыркы аспапты кайрадан изилдөөгө жол ачкан.
35 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенген комуз уста Абдыразаков Нурадин Карыпбекович тарыхый табылгаларга таянып, «Аркайыкты» кайра жасап чыккан. Ал жасаган аспап VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы «Мыкты усталар» сынагында баш байгеге татыган.
Россиянын эл артисти, режиссёр жана актёр Ногон Шумаров Алтайдан Кыргызстанга келип, «Аркайыктын» тарыхый тамырын, көчмөн элдердин маданий мурастары менен байланышын тааныштырып берген.