Уркаш Мамбеталиевдин бюсту Кыргыз улуттук филармониясында ачылды
Бүгүн, 13-октябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында залкар манасчы, акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Уркаш Мамбеталиевдин бюстунун ачылыш аземи өттү.
III даражадагы «Манас» орденинин ээси Уркаш Мамбеталиевдин элесине арналган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков, Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчиси М. Букуев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, Кыргыз Республикасынын эл артисти К. Ниязов, эл жазуучусу А. Джакшылыков жана манасчынын кызы Г. Мамбеталиева катышты.
Аземдин жүрүшүндө министрдин орун басары Айбек Дайырбеков Уркаш Мамбеталиевдин кыргыз улуттук маданиятын өнүктүрүүгө жана манасчылык өнөрдү даңазалоого кошкон зор салымын белгиледи.
Уркаш Мамбеталиев — кыргыз элинин руханий мурасын жайылтууга 44 жылдык чыгармачылык өмүрүн арнаган залкар манасчы. Ал 1934-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлгөн. 1962-жылдан тартып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында манасчы болуп эмгектенип, «Манас» эпосун жана элдик дастандарды аткаруу менен бирге бир катар ыр жыйнактарын жараткан.
Анын улуттук маданиятты өнүктүрүүдөгү эмгеги Кыргыз Республикасынын эл артисти ардактуу наамы жана III даражадагы «Манас» ордени менен бааланган.
Манасчынын бюстун скульптор Тамила Маматова жасаган.
Бюсттун ачылышы — залкар инсандын жаркын элесине көрсөтүлгөн урмат жана кыргыздын руханий мурасына болгон сый-урматтын белгиси. Эми Уркаш Мамбеталиевдин элеси Кыргыз улуттук филармониясындагы залкар инсандардын айкелдеринин катарынан орун алып, анын чыгармачылык мурасын кийинки муундарга эскертип турмакчы.