Үркүн окуяларынын 110 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат
2026-жылдын 27-августунда Бишкекте Үркүн окуяларынын 110 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат.
Саат 14:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде өтө турган экспозиция Борбордук Азия университетинин «Эс тутум жана эстеликтер: музейлер дубалсыз жана чек арасыз» долбоорунун алкагында уюштурулууда.
Көргөзмөдө музейдин фондунда сакталган Үркүн темасындагы көркөм чыгармалар жана оозеки тарыхтарды изилдөөнүн негизинде жаралган инсталляциялар коюлат.
Экспозиция аркылуу 1916-жылдагы тарыхый окуялардын эл эсинде калган издери, муундан муунга өтүп келе жаткан эскерүүлөрү жана тарыхый эс-тутум чагылдырылат.
Көргөзмөнүн автору жана арт-куратору — Замира Батырбекова. Долбоорго Кулайым Батырбекова жана Акзыйнат Шеримбек кызы да катышкан.