“Үркүндү” эскерүү – урпактардын милдети

8-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 225

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиевдин тапшырмасына ылайык, 2026-жылы “Үркүн” окуясынын 110 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөөгө багытталган бир катар эскерүү жана илимий-маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Бул багытта 8-августта Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылында жайгашкан Үркүн окуясынын курмандыктарына арналган монументте эскерүү иш-чарасы уюштурулат. Андан соң иш-чаралар Аламүдүн районундагы “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде улантылат. Мындан тышкары, 2026-жылдын 6-7-ноябрында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата “Үркүн” окуясынын 110 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт. Конференциянын алкагында ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштуулардын катышуусунда Үркүндүн тарыхый себептери, кесепеттери, анын улуттук эс тутумдагы орду жана азыркы илимий изилдөөлөрдүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен бир катар мамлекеттик жогорку окуу жайлар уюштурушкан “Үркүн” окуясынын 110 жылдыгына арналган иш-чаралар тарыхый адилеттүүлүктү даңазалоого, курман болгондордун элесин урматтоого, ошондой эле улуттук тарыхты терең иликтөөгө жана келечек муундарга жеткирүүгө багытталат.

Коомдук ишмер Бактыбек Максүтов:
“Үркүндүн себеби тереңде жатат”
Легендарлуу парламенттин депутаты, жазуучу, драматург, публицист жана коомдук ишмер Бактыбек Максүтовдун жакында эле сыясы кургай элек “Кызыл кыргын, кандуу кармаш” 1-китеп, “Кызыл кыргын, кандуу кармаш” 2-китеп, “Улуу көтөрүлүш” 3-китеби басмадан чыкты. Бул китептер элибиздин тарыхындагы оор жылдардын бири болгон 1916-жылкы улут-азаттык көтөрүлүшүнүн тарыхын жана анын элдин тагдырына тийгизген таасирин иликтөөгө багытталган. Автор окуяларды реалдуу фактыларга негиздеп, ошол доордогу адамдардын тилеги, күрөшү жана кайраты аркылуу өлкөгө эркиндикке умтулуусун чагылдырат. Бул тек гана бир доордун баяны эмес, бул – элдин жүрөгүндөгү өчпөс эскерүү дейт.

— Бактыбек агай, быйыл “Үркүнгө” 110 жыл толду. Бул окуянын тарыхый маанисине токтолсоңуз…
— 1916-жылы кыргыз элинин тарыхында эң бир кайгылуу, кандуу окуя болуп өткөн. Бул жылы миңдеген адамдар канкорлордун колунан каза табышкан. Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөнүндө жашаган элдер кылымдардан бери жашап келе жаткан ата конушун таштап, Кытайга жер которуп көчүүгө аргасыз болушкан. Жолдо көрбөгөн азапты көрүп, агыны катуу сууга агып, аскасы бийик тоодон учуп өлүшкөн. Ит-кушка жем болушкан. Кытайга баргандан кийин да жыргап кетишкен эмес.


Оорудан, ачкалыктан кырылышкан. Бул окуянын себептерин окумуштуулар, тарыхчылар ар кандай пикирди айтып, жазып жүрүшөт. Чындыгында көтөрүлүштүн тарыхын, анын чыгышынын себептерин иликтөө өтө зор жоопкерчиликти, акыйкаттык менен талдоо жүргүзүүнү талап кылат. Ары татаал, чоң мээнетти, талыкпаган эмгекти керектөөчү өтө үлкөн жумуш. Ошондуктан, өсүп келе жаткан кийинки муундарга, жалпы эле бул маселеге кайдыгер карабаган инсандарга, ошондой эле акыйкаттыкты, калыстыкты сүйгөн дүйнө элдерине түшүнүктүү болушу үчүн болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшап, аракетибизди жасап, кылымга тете убакыт жашырылып, жабылып, бурмаланып келген бул кандуу окуянын чындыгын жарыкка чыгарсак деген ниет менен киришип олтурабыз. Аныгын айтканда, 1916-жылдагы көтөрүлүштүн негизги себеби кыргыздардан ооруктагы жумуштарга алуу болгон эмес. Ал жөн гана шылтоо болгон. Көтөрүлүштүн чыгыш себеби өтө тереңде жатат.

— Сиз жакында, “Үркүнгө байланыштуу “Кызыл кыргын, кандуу кармаш” 1-китеп, “Кызыл кыргын, кандуу кармаш” 2-китеп, “Улуу көтөрүлүш” 3-китеп, деген 3 китепти жарыкка чыгардыңыз. Сиз жазган бул китепте Үркүндү кандай ачып берүүгө басым жасадыңыз?
— Үркүн жөнүндө кийинки муундар жакшы билишпейт. Ошондуктан, 1916-жылы болуп өткөн кандуу, кайгылуу окуяларды кийинки муундар билип калсын, анын себептерин түшүнүп калсын, Ата мекенге, эл-жерге болгон алардын мекенчилдик сезими козголуп, экинчи мындай жагымсыз окуянын болушуна каршы турушсун деген максатта ушул китептерди жаздым. “Кызыл кыргын, кандуу кармаш”-1-2-китеп көркөм чыгарма. Башкача айтканда роман. ”Улуу көтөрүлүш. 1916-жыл.” бул архивдик материалдардын негизинде жазылган публицистикалык чыгарма. Канкорлордун бир эле жолку окуясын айта кетейин. Сокулуктун Түлөберди болушунда 11-август күнү көтөрүлүшкө катышкан, союл, таяк менен куралданышкан 138 адамды “Элдешебиз” деп алдап, курал-жарактарын алып, Беловодскиге айдап келип, бир тамга камашкан. Күндүн ысыгынан аба жетпей, 30дай адам каза болуп калышкан. Эртеси бир тобун балталап өлтүрүшкөн. Аман калганын Бишкек шаарына айдап келип, чиркөөнүн аянтында ок коротуп отурбай, мылтыктын канжары менен кырып салышкан. Эки күндөн кийин 138 адамдын туугандарынан 517 адам болуштук башкармага келишкенде аларды да короого камап, жырткычтык менен кырып салышкан. Бул канкорлордун кылган бир гана окуясы. Мындай кандуу окуя Чүйдүн, Ысык-Көлдүн, Нарындын башка жерлеринде да болгон.

— Китеп жазууда бир кылым мурда болгон маалыматтар менен кандай иштедиңиз?
— 1991-жылы биздин республикада Үркүндүн 75 жылдыгы белгиленген. Аны менен катар бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Мына ушул окуялардын баары мага катуу таасир калтырды. Ошентип, китеп жазууга кириштим. Бала кезде айылдагы карыялардан Үркүн жөнүндө көп угуп калчумун. Ал эми бул китепти жазууда Улуттук академияда, Мамлекеттик архивдеги көптөгөн архивдик материалдар менен таанышууга туура келди. Айтсам, Аалы Токомбаев, Касымалы Баялинов баш болгон жазуучулардын китептерин, Үркүндү өз көзү менен көргөн Б.Солтоноев, К.Качкеев, Хусейин Карасай уулу жана башка улуу инсандардын, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин эмгектерин, газета-журналдарга басылган жүздөгөн макалаларды окуп чыктым. Мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жетектеген Ж.Абдрахманов менен Б.Исакеевдин, казактын чыгаан уулу, Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары болуп иштеген Т.Рыскуловдун жазган эмгектеринен көп маалымат алдым. Бул китепте 1916-жылы кыргыз элинин тарыхында кара тамга менен жазылган, миңдеген, жүз миңдеген адамдардын өмүрүн кыйган кандуу көтөрүлүш, кызыл кыргын, адам чыдагыс азап-тозок жөнүндө архивдик материалдардын негизинде баяндалат. Өсүп келе жаткан жаш муундарды нечен кылымдардан бери ата-бабалардан мураска калган касиеттүү Ала-Тоону, кереметтүү Ысык-Көлдү көздүн карегиндей сактоого, Ата мекенди сүйүүгө, эл -жерди коргоого чакырат. Жаштарды ынтымакка, биримдикке жана патриоттуулукка үндөйт.

Үркүн учурунда кыргыздар болжол менен канча адамынан айрылган?
— Тарыхчылар, окумуштуулар Үркүндө курман болгон адамдардын санын ар кандай айтып жүрүшөт. Менин алган маалыматыма караганда 150 миңден ашык адам каза болсо керек.

— Сиз Үркүнгө байланыштуу дагы жаңы чыгармаларды жазып жаткан экенсиз, алар соңуна чыгып калдыбы?
— Ооба, «Улуу Үркүн. 1916-жыл.” деген драма жаздым эле. Ал 2015-жылы К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук
драма театрында коюлган. Үркүндө Кочкордо, Чүй өрөөнүндө хан шайланып, көтөрүлүштүн башкы командачысы болгон Канаат Ыбыке уулу жөнүндө “Канаат хан” драмасын жазып, Нарын облустук драма театрына сунуштайын деп жатамын. Мындан сырткары, Улуу Үркүнгө байланыштуу жазылган киносценарийим даяр турат.

Мээрим Бактыбек кызы

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X