Урмат Чодуев: “Эсте каларлык жакшы иштерди эл эсинен чыгарбайт”
Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл аймагынын башчысы Урмат Чодуев:
Чодуев Урмат Асылбекович 1983-жылы 7-июлда Жал айылында жарык дүйнөгө келген. Жал айылындагы Мамыралиев атындагы орто мектепти бүткөн. Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин жол кыймылын уюштуруу факультетин аяктаган. 2001-2003-жылы армияда кызмат кылат. 2004-жылы КР юстиция министрлигинде аскер кызматкери кызматында иштейт. 2006-жылы КР ички иштер министрлигине ишке келет. 2007-жылы атайын багыттагы кызматта такшалат. Ток этери, Чүй облустук ички иштер башкармалыгында, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында жана борбор шаарыбыздын 1-май ички иштер бөлүмүндө кызмат кылат. 2011-жылга чейин аталган ички иштер кызматтарында эмгектенди. Тагылган милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарды. Айтайын дегеним, бардык эле адамда жараткан ыроологон шыбаа (тубаса талант, шык, жөндөм) боло бербейт. Кудурети күчтүү Жараткан аны да тандалгандарга гана берет. Андыктан Урматта Кудай берген Толубай сынчыдай көсөмдүк, көрөгөчтүк бала күндөн бар. Кыраан кыргыз тээ атам заман жер каймактагандан Камбар ата жылкы жаныбарды жандарындай сүйүшкөн. Айрыкча жоокерчилик заманда тулпар, күлүктөр баатырлардын канатына айланып, кас-душмандардын катыгын берүүдө теңдешсиз роль ойногон. Айкөл Манас баатырдын Аккуласын, кайран Курманбек баатырдын Телторусун кимдер билбейт? Нечен баатырларыбыз, шерлерибиз минген тулпар, дулдулдарына ишенген, баа беришкен, ыйык көрүшкөн. Көөнө көчмөн кыргыздардын ат жалында ойногон оюндары көкбөрү, эр сайыш, оодарыш, ат чабыш жана башка оюндар көңүл ачуу менен гана чектелбестен, кең көкүрөк, кең далы жигиттерди күч жагынан чыңдаган, ар-намыска кайраган. Жоо каптаганда жолборстой айбат көрсөтүшүп, жеңилип көрбөгөндөр мына ушул булчуңдары буурадай балбандардан чыккан, куралган эмеспи.
2012-жылы Урмат Асылбекович Чүй облусу боюнча “Телтору” ат чабыш боюнча федерациясынын президенттигине шайланат.
Ал эми 2017-жылдан 2018-жылга чейин туулган жери Орок айыл аймагынын өкмөт башчысы болуп иштейт. Андан соң Бишкек мэриясында 2020-жылдан 2021-жылга чейин эмгектенет. 2021-жылы күзүндө кайрадан Орок айыл аймагынын өкмөт башчылыгына шайлоого ат салышып, атаандаштарын ат чабым артка калтырып жеңишке жетет.
Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кызы бар.
Урмат Асылбекович, мурда 2 жыл айыл аймагын жетектеп кетипсиз. Бирок, “Ат айланып казыгын табат” демекчи, кайрадан ошол ордуңузга келдиңиз. Эгер ошол 2 жылда жасаган иштериңиз менен эл көзүнө көрүнүп калбасаңыз, кайра шайланышыңыз күмөн туудурмак. Кандай дейсиз?
Туура айтасыз. 2 жыл ичинде көп эле жакшы нерселер болгон. Мен олуттуу жасалган иштерден бирин-экин мисал келтирейин. Баарыбызга беш манжадай белгилүү окумуштуу, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жамин Акималиевдин айыл чарба багытындагы илим изилдөө мекемесине тийиштүү союз учурунан калган 108 гектар жери бар эле. Албетте, бул жер айыл өкмөттүн карамагында турган. Союз тарады. Жер реформасы башат алды. Аталган жерди кайтарып алуу боюнча эл-журттун мүдөөсү далай талаш-тартыштарды пайда кылган. Бирок, мага чейинки бир да айыл өкмөт башчылары бул иштин саатын чыгара алышкан эмес. Жер пайдасын көргөндөрдүн көмүскө иштерин ийне-жибине чейин тактоо ийине жетпеген. Мен айыл өкмөт катары кылдат карап чыктым. Акыры калыстык канат жайды. Мыйзам чегинде айыл өкмөттүн балансына 108 гектар айдоо жерди кайтарып алдык, андан тышкары ошол мурдагы жер ээлерине тийиштүү бала бакчаны да айыл өкмөттүн пайдасына чечип алдык.
Экинчи чоң маселе, айыл аймагынын жеринде орун алган ишканалар жергиликтүү элдин кызыкчылыгы үчүн иштешпеген. Мисалы, аймагыбызда орун алган 4 кирпич заводу салыктарын бизге төлөшпөгөн. Ток этери, аталган кирпич заводдорунун жетекчилери менен тең ата сүйлөшүүгө бардык. Акыры ал жер, суу ээлери биз менен мыйзам чегинде эсептешүүнү моюндашты. Салыктары биздин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшө баштады. Натыйжада 2017-жылы жергиликтүү бюджетибиз 7 миллион сомдон 12 миллион сомго чыкты. Бул да чоң жеңиш болду.
Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай айыл өкмөткө тиешелүү кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПСтин) жери да максаттуу пайдаланылган эмес. Айталык, андан жер бөлдүрүп алгандар ар гектарына 2700 сомдон төлөп, иш жүзүндө башкаларга арендага беришип, 2-3 эсеге кымбат пайдасын көрүп келишкен. Биз теске салдык, 2018-жылкы аукцион ачык-айкын өткөрүлдү. Ар гектардан 2700 сомдон эмес, он миңдеген киреше кирип, бюджетибиз толукталды. Багы ачылган бардык иштерди айта берсек сөзүбүз бүтпөс. Айрыкча карыяларга, аз камсыз болгон муктаж үй-бүлөлөргө көргөн камкордуктарыбыз ич жылытат.
Мындан аркы алгылыктуу максаттарыңыздан айтып берсеңиз?
Жогорку жоон топ көйгөйлөрдү мүмкүнчүлүктүн жетишинче чечип алдык. Азыркы сүрсүгөн көйгөйлөрдүн башкы сабында таза суу маселеси турат. Тээ жер каймактаган замандан ата-бабаларыбыз: “Айыл башы болгончо – суу башы бол” деп айтып келишкен. Тилекке каршы, суу башы болгонубуз менен үзүрүн жергиликтүү эл көрбөй келүүдө.
Маселен, “Бишкексуу” ишканасы борбор шаарыбыздын калкын таза суу менен камсыз кылуу максатында биздин аймакка таза суу башатын (“Водозабор”) 2009-жылы курушкан. 12 күчтүү скважиналар орнотулган. Кыскасы, борбор шаарыбыздын тең жарымы мына ушул биздин аймакта курулган суу башатынан пайдаланышат. Борбор шаарыбыздын калкы ичкен таза суулары үчүн акысын төлөшөт. Демек, “Бишкексуу” ишканасы мыйзам боюнча биздин суудан пайдаланганы үчүн жергиликтүү бюджетибизге 0,3 пайыз салыкты төлөп туруулары керек эле. Иш жүзүндө ушул убакка чейин бул көйгөй чечилбей келүүдө. Эң өкүнүчтүүсү, 2009-жылдан 2017-жылга чейинки Орок айыл аймагында жашаган элдин сууга болгон карызы 3,5 млн сом деп эсептелсе, 2017-жылдан 2021-жылга чейин 4 жылдык карызы тууму менен 90 млн сомго жетиптир. Ушул урунттуу маселени чечүү үчүн соттошууга туура келүүдө. Карыздарды кыскартууга жетиштик, 90 млн сомдон 59 млн сомго түштү. Кейиштүүсү, айыл аймагындагы агын суулар, булактар соолуп, андан буруп пайдалангандардын да кудуктары кургап калды. Кадимкидей суу тартыштыгы, таңсыктыгы тынчыбызды алууда.
“Бишкексуу” ишканасынын 12 скважинасы бургулап чыгарган суу көлөмүнүн пайдасын борбор шаарда жашагандар көргөнү менен жер, суунун анык ээлери олчойгон карызга батышып, зыянын тартышууда. Суу башы болгонубуз менен карызыбыз арылбай келет. Анткени, шаардыктарга караганда суу үчүн 2-3 эсе көп төлөп жатабыз. Мына ушул урунттуу көйгөйлөрдү чечүү зарыл. Акыйкаттык жеңерине ишенебиз.
Бул суу башатын куруу учурунда айылдагы футбол талаасынан топурак ташышкан. Экологиялык жактан айыл калкы зыян тарткан. Мурдагы айыл өкмөттөрдүн шалаакылыгынан ушундай туура эмес иштер болгон. Акыйкаттык үчүн күрөшүп жатабыз. Буйруса аягына чыгабыз. Жер, суу ээси – жергиликтүү элдин кызыкчылыгы баарынан кымбат. Чыркыраган чындык биз тарапта.
Айыл аймагында 8 жаңы конуш бар. Баарынын жашоо деңгээлдери бирдей эмес. Жол куруу, жарык берүү, бала бакча, мектеп куруу жана башка көптөгөн курч көйгөйлөрдү айта берсек, бүгүн чети оюлар эмес.
Урмат Асылбекович, жаңы конуш демекчи, анда жашаган элдин зар-муңун уккан журт башчылар буга чейин болбоду. Мисалы, “ТЭЦ-2” жаңы конушу борборубуздун Ленин районунун администрациясы тарабынан берилген жер чечимдеринин аркасы менен үй куруп алышкан. Бирок, нечен жылдан бери мыйзамдуу каттоо маселеси чечилбеди. Бир жакшы жери, жакында Президент Садыр Жапаров келип элдин үмүтүн жандырды. Негизги иштерди сиздерге тапшырды эле, аткарып жатасыздарбы?
Ооба, Президенттин эл үчүн кылган чечкиндүү аракеттери менен «ТЭЦ-2» жаңы конушу бизге кошулду. Мыйзамдуу каттоо иштерин жүргүзүп аягына чыгып калдык. 800дөн ашык турак жай ээлерине кызыл китептерин алып берүүгө жетиштик. Аталган жаңы конуш ээлери өз мүмкүнчүлүктөрү менен электр энергияларын киргизишип алышкан. Коопсуздук маселеси эске алынбаган. Биз тез аранын ичинде электр энергияларын тартипке салдык, сапаттуу столбаларды (карагайларды) орнотуп, акылдуу эсептегичтерди койдуруп, камкордук көрө баштадык. Нечен жылдан бери жетпеген үмүттөрү бүгүн акталды. Калган-каткан муктаждыктарын да чечип берүүгө бардык аракеттерди жасап жатабыз.
Баарынан оор көйгөй бизде мектеп маселеси эле. Ошол жаңы конуштарда салынган мектептердин жоктугунан “ТЭЦ-2” жаңы конушунда жашаган балдар Селекция айылыбыздагы мектепке барышчу. Чакан мектепте 1000ден ашык балдар окушкандыктан, 4 нөөмөттө сабак өтүүгө туура келген. Мындай учурда сапаттуу билим, тарбия алуу кайдан?! Балдар да, мугалимдер да кыйналган. Заманбап мектепке муктаждык күч алган. Ошондуктан жаңы мектеп курууну көздөдүк. Анткени, элдин үнү жогорку журт башчыларга чейин жетти. Кечээ жакында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өзү келип көрүп кеткен. Көп өтпөй мектептин ачылыш салтанаты болду. Төрага өзү баш болуп катышып, тушоосун кесип, ак жол каалады. Мектептин ачылыш салтанатындагы ата-энелердин жана мугалимдердин кубанычын айтып болбос. Төрага Акылбек Жапаров мугалимдердин да маанайын көтөрүп, көңүлүн бөлдү. Чынында мугалимдик кесип татаал. Айлыктарын көтөрүп, турмуш шарттарын жакшыртуу зарыл. Биз да колдон келген колдоолорду көрсөтө бермекчибиз. Заманбап мектептен билим алган балдарыбыздын келечеги кең. Төрага айткандай, балдарыбыз ар тараптан терең билим алуулары зарыл.
Урунттуу максаттарыңыздын маңызын айтып бердиңиз. Чынында чымырканып аягына чыгуучу зор түйшүктөрүңүз бар экен. Туура чечилишине тилектешпиз. “Баарын коюп Манасты айт” демекчи Сиздин улуттук оюндарга кошкон зор салымдарыңызды, Толубай сынчыдай саяпкерлигиңизди айтпасак, сөзүбүздүн бөксөсү толор эмес…
Албетте, улуттук оюндардын туу башы – падышасы көкбөрү десем туура болчудай. Кечээ жакында Чүй облусу боюнча көкбөрү оюнун өткөрдүк. Ага 75 команда катышты. Баш байге автожоргону жеке өзүмдүн атыман сайдым. Жеңген команда татыктуу болду.
Эмесе, сөз башынан болсун. Бала күнүмдөн жылкы жаныбарга жакын болуп өстүм. 18 жашка келип калгам. Ата-энем 5200 долларга асыл тукум бээни сатып беришти. Ал кезде бул акчага “Ауди” автожоргосу келмек. “Неге кымбат бээни сатып бересиңер, зарылы жок” дегениме карабай апам: “Уулум, мындан асыл тукум жылкы баласы туулат” деген эле. Көзү ачыктык менен айтканы жаза кетпеди, ошол бээден азыркы тулпарым Гром туулган. Жылкы теги боюнча француздардан. Өткөн кылымдын 80-жылдарында Россия Франциядан алып келген айгырлардын тукуму.
Апам саяпкерлик жагынан эч жаңылбады. Ат чабышка барарда апама атымды көрсөтчүмүн. Апам тулпарларга арналган ырлардан ырдап жиберер эле.
Көрсө, жылкы жаныбарга болгон кызыгуум ата тектеримден мага өтүптүр. Түпкү чоң атам Чоңкемпирдин саяпкерлиги алигүнчө санжырачылар тарабынан айтылып келет. Ал эми кийинки Токсон чоң атам Байтик баатырдын даңкы таш жарган Көкшалкы күлүгүн таптаган. Доорунда анын алдына башка күлүктөр чыкпаган. Айтмакчы, апам Арзыкандын ата теги да жылкы жаныбарды урматтагандардан. Ыйык Ысык-Көлдө туулуп-өскөн. Таятасы Шергазынын атасы Асаналы саяпкер эле болбостон, олуя да киши болгон. Саяпкерликтин сырларын бала күнүмдөн апамдан уккам. Апам аталарынан уккан ат сырларын айтып берүүчү. Уккандарым талаага кетпеди.
Жашымда көп ийгиликтерге жетиштим. Чүй облусунун ат спорту боюнча “Телтору” федерациясынын президенти кезимде оозго алындым. 2012-жылдар эстен чыккыс жылдар. Манап бийдин 200 жылдыгында, Андаш баатырдын 185 жылдыгында, Кара-Көл шаарынын 50 жылдыгында, Бөкөмбаев шаарынын 100 жылдыгында жана башка той, майрамдарда күлүктөрүм биринчиликти жеңип, ийгиликтер илгериледи. Кыргыздын улуттук оюндарын мындан ары да чыңдоого тийишпис.
Эң башкы максатым, эл эсинде калгыдай иштерди жасоо, биримдикти туу тутуу болуп саналат.
Айчүрөк МАКЕШОВА