Урматбек Самаев Токтогул районунун акими болуп дайындалды
Урматбек Самаев Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Урматбек Обозбекович Самаев Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким кызматына дайындалды.
Жаңы дайындоо менен Токтогул районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган иштерди улантуу милдети жүктөлөрү белгиленди.