Урпактык улуу милдетин аркалаган Самаков

11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 148

Бала үчүн ар бир ата-эне китеп болууга татыктуу.

(Жеңишбек Эдигеев)

Өткөн жыл элибизге төбөсү көрүнгөн инсан Карганбек Самаков үчүн ийгиликке бай болду. Башкасын айтпаганда да анын жеке чыгармачылыгы менен каржылык колдоосу астында 4 китеби жарык көрдү. Муну менен автор кыргыз адабиятына, маданиятына, элибиздин тарыхый эс-тутумун, улуу мурасын сактоо жана жайылтуу, муундарды бекем байланыштырган, жаштарга, жалпы эле келечек ээлерине ата-бабаларыбыздын бай мурасын таанууга көмөк берип, кыргыздын салттуу маданиятын эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө түзө алаарын иш жүзүндө далилдеди.

Автор “Асылдарым” аталышындагы документалдуу повесттин атасы Самак уулу Садыктын, апасы Даданбай кызы Турсундун жаркын элестерине арнап, алардын астында урпактык улуу милдетин аркалаган. Өлкөбүздүн бийик тоолуу Нарын өрөөнүндө не бир кызыктуу жашоо күнүн кечиришип, өз өмүрлөрүндө уул-кыздарын ата-энелик мээрим менен татыктуу тарбиялашып, алардын келечек жолдорунун кең ачылышына ысык жүрөк, адамдык үлгүсү менен күйөрман да, тилектеш да болушкан  улуу инсандардын жашоосун жеке өзүнө өрнөк туткан Карганбек Самаковдун бул чыгармасы окурмандарды кайдыгер калтырбайт. Автор өзгөчө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон атасы Самак уулу Садыкты жашоосунда эш тутуп, ата-энеси көзү тирүү кезинде аларга арнаган алдына койгон асыл максаттарын ишке ашыра албай калганын өкүт катары белгилейт. Акыры калемгерлик түйшүктүү сапары менен “Асылдарым” аталышындагы чыгармасы аркылуу ата-энесинин басып өткөн жолдорун изилдеп, басмага даярдоо менен калеми аркылуу аларга эстелик тургузууга бел байлаган. Ыйык ислам дининде да бала үчүн ата-эненин батасынан өткөн олжо жоктугун, алардын батасы пардасыз кабыл болоорун жашоосунда эш туткан биздин каарман аска-зоолорунун көзү өтсө да алардын рухуна таазим кылып, арбактары ыраазы болоорлук жүрүш жасаганы анын баталуу инсан экенин айгинелейт.

Кара сөз түрүндө жазылган бул чыгарма бир үй-бүлөнүн баскан изи, чыныгы тарыхы, жеке архиви болгону менен азыркыдай ааламдашуунун шартында башкаларды ата-энени кантип сыйлап, алардын астындагы урпактык милдеттерди качан болбосун аркалоо бала үчүн ыйык милдет экенин ташка тамга баскандай көрсөткөн. Ал эми мындай чыгарманы окуп чыгуу окурмандар үчүн алды утуш гана болмокчу.

Калыгул Бейшекеев

11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 148
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X