Утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттар экологиялык долбоорлорго жумшалат
Кыргыз Республикасында утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жана шарттары бекитилди. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 30-апрелинде кол койду.
Документ экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, калдыктарды натыйжалуу башкаруу жана айлана-чөйрөнү коргоо системасын туруктуу өнүктүрүү максатында кабыл алынган.
Жаңы жобого ылайык, утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттар калдыктарды утилдештирүү, кайра иштетүү жана бул багыттагы кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо үчүн пайдаланылат.
Токтомдо каражаттарды сарптоо тартиби жана шарттары өзүнчө жобо менен аныкталары белгиленген. Бул экологиялык маселелерди чечүүгө багытталган иштерди системалуу жүргүзүүгө жана тиешелүү долбоорлорду каржылоого шарт түзөт.
Документтин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.