Уулкан Итигулова, балдар психиатры: Аутизм балага өзгөчө мамилени талап кылган абал
Аутизм спектринин бузулушу, анын алгачкы белгилери, себептери жана ата-энелер эмнеге көңүл бурушу керектиги тууралуу Борбордук психикалык ден соолук борборунун балдар психиатры Уулкан Төлөгөновна Итигулова Менен маектештик. 36 жылдык тажрыйбасы бар адис балдардын өнүгүүсүндөгү өзгөрүүлөрдү өз убагында байкоо жана туура жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн айтып берди.
«Баланын өнүгүүсүндө ата-эненин катышуусу абдан маанилүү»
– Баланын психологиялык же психиатриялык жардамга муктаж экенин ата-эне кантип байкай алат? Кайсы белгилерге өзгөчө көңүл буруу керек?
– Ар бир баланын өнүгүүсүнүн өзүнүн этаптары бар. Бирок, ошол эле учурда баланын жашына жараша белгилүү бир көрсөткүчтөр болушу керек. Мисалы, бала бир жашка чыкканда алгачкы сөздөрү пайда болуп, айтылган нерселерге жооп берип, кыска буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү аткара башташы керек. Эки жаштан кийин бала акырындап сөз айкаштарын түзө баштайт. Эгер бала бул этаптарга жетпей жатса, анда анын психомотордук же сүйлөө өнүгүүсүнүн кечеңдешин билдирет. Мындай учурда ата-эне баланын өнүгүүсүнө активдүү катышуусу керек. Ошондуктан, бала менен тез-тез сүйлөшүү, ага суроо берүү, жомок окуп берүү, сүрөттөр менен иштөө абдан маанилүү, анткени бул сүйлөөнүн өнүгүшүн тездетет.
Тилекке каршы, азыр айрым ата-энелер баласын телефон же телевизор менен көпкө жалгыз калтырып коюшат. Бала ошол учурда үндөрдү угуп, мультфильм көргөнү менен физикалык кыймыл жана активдүү баарлашуу болбой калат. Сүйлөө жана социалдык көндүмдөр жөн гана угуу аркылуу эмес, адамдар менен түз байланыш аркылуу өнүгөт. Баланын сүйлөө жөндөмү ал башка балдар менен баарлашканда, ойноп, суроолорго жооп берип, көрсөтмөлөрдү аткарганда гана анын активдүү сүйлөөсү калыптанат. Ошондуктан, бүгүнкү күндө ата-энелер баласына олуттуу убакыт бөлүп, сүйлөшүп-баарлашып, көрсөтмөлөрдү берип, ошондой эле анын ири жана майда моторикасын өнүктүрүүгө жардам бериши зарыл. Ошондо гана баланын өнүгүүсү анын жашына ылайыктуу деңгээлде калыптанат.
«ZPRR – бул акыркы диагноз эмес, туура жардам менен өзгөрө турган абал»
– Учурда балдар психиатриясында эң көп кездешкен көйгөйлөр кайсылар?
– Азыр ата-энелер балдарында ZPRR, башкача айтканда психикалык жана сүйлөө өнүгүүсүнүн кечигүүсү бар экенин көп айтып кайрылышат. Бирок ZPRR өзүнчө медициналык диагноз эмес. Бул баланын белгилүү бир өнүгүү деңгээлине жетпей жатканын көрсөткөн абал. Мындай абал бала жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай калганда, социалдык чөйрөдө аз аралашканда же өнүгүүсүнө керектүү шарттар түзүлбөгөндө пайда болушу мүмкүн. Эгер бала менен туура иш алып барылса, терапиялык педагогика колдонулса, бала бакчага барып, башка балдар менен аралашса, анын өнүгүүсүндө жакшы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.
Азыр дүйнө жүзүндө аутизм спек-тринин бузулушу да олуттуу маселелердин бири болуп жатат. Бул абалдын так бир гана себеби аныктала элек. Илимде анын пайда болушуна бир нече фактор таасир этиши мүмкүн экени айтылат. Алардын арасында генетикалык факторлор, ата-эненин жаш курагы, кош бойлуулук мезгилиндеги айрым медициналык жагдайлар, баланын төрөлгөндөгү салмагы сыяктуу факторлор каралат. Мисалы, айрым дарыларды, анын ичинде вальпрой кислотасын камтыган препараттарды кош бойлуулук учурунда колдонуу тобокелдик фактору катары каралат. Ошондой эле генетиканын ролу да чоң. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эгер үй-бүлөдө аутизм спектринин бузулушу бар бала болсо, башка балдар үчүн да тобокелдик жогору болушу мүмкүн.
«Баланын мурдагы көндүмдөрүн жоготуусу –маанилүү белги»
– Аутизм спектринин бузулушунун алгачкы белгилери кандай?
– Мурда биз бул абалды жөн гана «аутизм» деп атап келгенбиз. Азыр медициналык протоколдордо «аутизм спектринин бузулушу» деген түшүнүк колдонулат. Бул спектр болгондуктан, белгилери ар кандай болушу мүмкүн. Бирок эң маанилүү белгилердин бири – баланын мурда калыптанган көндүмдөрүн жоготуусу. Мисалы, бала мурда аты аталганда карап, бир нече сөз айтып, оюнчуктар менен ойноп, айланадагылар менен байланыш түзүп жүрсө, кийин бул жөндөмдөрү азайып кетиши мүмкүн. Ата-эне төмөнкү белгилерге көңүл бурушу керек:
Бала атын атаганда көңүл бурбаса, сүйлөгөн сөздөрү азайса же таптакыр сүйлөбөсө, башка балдар менен ойноого кызыкпаса, көрсөтмөлөрдү түшүнбөсө, уйкусу бузулса, өтө активдүү болуп калса, тамак тандоо адаты күчөсө адиске кайрылууну кечиктирбөө керек.
Эгер бала үч жарым жашка чыга элек болсо, алгач неврологго кайрылуу туура болот. Зарыл учурда балдар психиа-тры кошулат. Ата-энелер M-CHAT-R деп аталган аутизм коркунучун аныктоочу тестти да колдонсо болот. Google’дан «M-CHAT-R» деп издеп, аны оңой эле таба алат – суроолор дароо эле экранда чыгат. Болгону «ооба» же «жок» деп жооп берсеңиз, жыйынтык – тиешелүү балл чыгарылат. Бул диагноз койбойт, бирок адиске кайрылуу зарылдыгын түшүнүүгө жардам берет.
«Эмдөө менен аутизмдин ортосунда байланыш жок»
– Айрым ата-энелер «эмдөөдөн кийин баламда аутизмдин белгилери пайда болду» деп айтып келишет. Бул пикирдин илимий негизи барбы?
– Жок, мындай байланыш жок. Бул илимий жактан далилденген. Эмдөө аутизм спектринин бузулушуна себеп болбойт. Бул тууралуу дүйнө жүзүндө көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлгөн жана вакциналар менен аутизмдин ортосунда байланыш жок экени тастыкталган.
«Аутизмди толук айыктыруучу дары жок, бирок баланын өнүгүүсүнө жардам берүүгө болот»
– Бүгүнкү күндө аутизмди толук айыктыруучу дары же ыкма барбы?
– Азыркы учурда аутизм спектринин бузулушун толугу менен жок кыла турган дары жок. Бирок, баланын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуучу, анын социалдык жана күнүмдүк көндүмдөрүн өнүктүрүүчү көптөгөн натыйжалуу ыкмалар бар. Маселен, терапиялык педагогика, АBA-терапия, сенсордук интеграция, дарылоочу көнүгүүлөр, өнүктүрүүчү жана коррекциялык иштер кирет.
Бирок, ата-энелер көп учурда бир ката кетиришет. Алар баласын борборго алып барып, адистер менен иштетишет, бирок үйдө бул иштерди улантышпайт. Баланын өнүгүүсү үчүн ата-эне өзү да үйрөнүшү керек. Учурда бул багытта онлайн жана оффлайн мүмкүнчүлүктөр көп. Айрыкча сенсордук интеграция маанилүү. Себеби, айрым балдар сырткы таасирлерди башкача кабыл алышат. Кээ бир балдардын сезүү жөндөмү төмөн болуп, денесиндеги айрым абалдарды байкабай калышы мүмкүн. Башкаларында тескерисинче сезгичтик өтө жогору болуп, кийим кийүү, жаңы нерселерге көнүү кыйын болушу мүмкүн. Ошондуктан ар бир балага жеке мамиле керек. Эң негизгиси, ата-эне баласы менен күн сайын иш алып барып, анын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга аракет кылышы керек. Туура жардам, үзгүлтүксүз эмгек жана колдоо менен көптөгөн балдар жакшы өнүгүүгө жетише алышат.
Самара Капарова
P/S. Бул макала Кыргыз Республикасынын Маданият , маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин “Социалдык заказ” долбоорунун алкагында “Үй-бүлө институту” темасы боюнча “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезити тарабынан даярдалды.